Биринчи айыз

Айыз деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

3 мүнөт
Айыз деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

Киришүү

Айыз тууралуу сенде суроо пайда болдубу? Анда сонун! Өзүӊдүн денеӊ жөнүндө билгиӊ келгени сонун! Ал эмне экенин жана ал, деги эле, эмне себептен керектигин карап көрөлү.

Макала

Салам! Айыз тууралуу сенде суроо пайда болдубу? Анда сонун! Өзүӊдүн денеӊ жөнүндө билгиӊ келгени сонун! Ал эмне экенин жана ал, деги эле, эмне себептен керектигин карап көрөлү.

Айыз деген эмне? Жөнөкөй тил менен айтканда, ар бир айда денеӊдеги «генералдык тазалануу». Элестетип көр, сенин атайын үйүӊ (жатын) бар.анда бала өсүп, өөрчүшү керек болот. Ар ай сайын сенин денеӊ мүмкүн болуучу конок үчүн бул үйдү жайлуу жана ыӊгайлуу кылып, кооздоону баштайт. Бул кооздуктардын бардыгы жана даярдыктар – бул сенин денеӊ жатындын дубалында топтогон былжыр кабык. Бирок, конок келбей калса, эмне болот (тактап айтканда кош бойлуу болбой калса)? Ошондо «генералдык тазалоо» башталат. Бул ошол айыз болуп саналат. Денеӊ керексиз кабаттардын бардыгынан арыла баштайт, алар сенин денеӊден кан түрүндө чыгат.

Эми: бул эмне үчүн керек? деген суроо берели. Бул келечектеги кош бойлуулук үчүн денеӊдин «машыгуусу» болуп саналат. Өспүрүм болгонуӊда, денеӊ эне болуу мүмкүнчүлүгүнө даярдана баштайт. Бул сен азыр эле эне боло калышыӊ дегенди түшүндүрбөйт! Бул өсүүнүн табигый процессинин бир бөлүгү.

Айыз деген эмне, ал эмнеге керек дегенге жоопту бир сөз менен айтканда, ушундай. Бул маанилүү жана кадыресе процесс, ал чоӊоюп бара жаткан ар бир кыздын денесинде жүрөт. Суроо бергенден жана денеӊ тууралуу билүүдөн уялба!

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар