Ден соолук

Баланстуу тамактануу

2 мүнөт
Баланстуу тамактануу

Киришүү

Чийки заттарды, көптөгөн жашылчаларды, белокторду жана сүт азыктарын колдонуу ден соолугуӊузду жакшыртат, туруктуу салмакты кармап турат жана организмге талаптагыдай иштөөсүнө жардам берет.

Макала

Чийки заттарды, көптөгөн жашылчаларды, белокторду жана сүт азыктарын колдонуу ден соолугуӊузду жакшыртат, туруктуу салмакты кармап турат жана организмге талаптагыдай иштөөсүнө жардам берет. Ден соолугуӊуз чыӊ болуп, стресске кабылбасаӊыз, сиздин денеӊиз дайыма овуляцияланып турат, албетте бул сиздеги болуп туруучу айыз учурунда жүрөт.

Кайсы азыктарга өзгөчө көӊүл буруу керек?

  • Грилде даярдалган же бышырылган балык, тооктун төшү жана протеин үчүн эт.
  • Ар түстөгү жемиштер жана жашылчалар организмде витаминдердин жана минералдардын камтылышын жогорулатат.
  • Ккүрөӊ күрүч, таруу, нут, жүгөрү сыяктуу дандар углевод болот.
  • Ачкыл сүт азыктары кальцийге бай.
  • Эт, шпинат, жалбырактуу көк чөп, тофу сыяктуу темирге бай азыктар жана темир менен байытылган катырактар эртеӊ мененки тамак үчүн.
  • Арахис майы кошулган кесек дандуу нан сыяктуу бир аз майлуу татаал углеводдор.
  • Сууну көп ичүүнү унутпаӊыз. Ошондо сиздин денеӊиз сизге рахмат айтат!

Эгерде менструация алдындагы синдром болсочу?

Буга гормондор күнөөлүү!


Менструация башталардын алдында адамдын табити бир аз өзгөрөрүн изилдөөлөр көрсөттү. Бул прогестерондун жана серотониндин чукул төмөндөшүнө байланыштуу. Сиздеги метаблоизм да бул учурда тез иштеп калат, ошондуктан өзүӊүздү ачка сезе бересиз, ошентип тамакка тартылуу көрүнө баштайт. Эртеӊ мененки кофе – ашыкча кофеин айызды оорутуп өткөрөт, уйкуда көйгөй жаратат, тынчсыз болуп, нервдин чыӊалуусуна алып келет.

Эгер менструация учурунда сиз ушул көйгөйлөрдүн бирине кабылсаӊыз, шоколад такыр жебеӊиз. Бул көнүп кетүүгө алып келиши мүмкүн. Мындай учурда таттууларды жана туздалгандарды ченем менен колдонуу сунушталат.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар