Психология

Буллинг. Бул эмне, жана аны кантип жеңип чыгууга болот?

5 мүнөт
Буллинг. Бул эмне, жана аны кантип жеңип чыгууга болот?

Киришүү

Буллинг (мектепте шылдыңдоо) – бир же бир нече адамды дайыма кысынтуу, коркутуу, шылдыңдоо, дене бойлук же эмоционалдык зомбулук көрсөтүү менен коштолгон агреесивдүү жүрүм-турум формасы. Буллинг, негизинен, мектеп чөйрөсүндө болот, бирок иш орунда, онлайн-коомдоштукта ж.б. сыяктуу башка социалдык жагдайларда да болушу мүмкүн.

Макала

Буллинг (мектепте шылдыңдоо) – бир же бир нече адамды дайыма кысынтуу, коркутуу, шылдыңдоо, дене бойлук же эмоционалдык зомбулук көрсөтүү менен коштолгон агреесивдүү жүрүм-турум формасы. Буллинг, негизинен, мектеп чөйрөсүндө болот, бирок иш орунда, онлайн-коомдоштукта ж.б. сыяктуу башка социалдык жагдайларда да болушу мүмкүн.

Буллинг төмөнкүдөй түрлөр менен коштолот:

  • Физикалык буллинг: кол салуу, чабуу, тебүү, уурдоо жана жеке менчикти бузуу.
  • Вербалдык буллинг: кемсинтүү, коркутуу, шылдыңдоо, ат коюу жана басынтуу.
  • Эмоционалдык буллинг: манипуляция, коркутуу, тоотпой коюу, ал жөнүндө ушак таратуу жана топтон бөлүп салуу.
  • Кибербуллинг: кемсинтүүнү, коркутууну, жагымсыз билдирүүлөрдү жана сүрөттөрдү таратуу үчүн интернетти жана социалдык түйүндөрдү пайдалануу.

Буллинг психологиялык көйгөй жаратып, адамдын өз баасын түшүрүүгө, кабатырланууга, депрессиягы түшүүгө, ал гана эмес өзүнө өзү кол салууга алып келүүчү олуттуу таасир этиши мүмкүн. Буллингдин алдын алуу боюнча чараларды көрүү, анда ар бир адам өзүн корголгон жана кадырланган адам катары сезүүсү үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрө түзүү зарыл. Азыркы заманбап учурда буллинг сыяктуу социалдык көйгөйлөр жайылып кеткен көрүнүштөрдөн. Бирок, Сиз жалгыз эмес экениңизди эстен чыгарбаңыз. Буллингди жеңип чыгып, өзүңүзгө ишенген, күчтүү адам болуп чыга келишиңизге жардам берүүчү стратегия менен бөлүшөбүз:

  • Сиз күнөөлүү эмес экениңизди түшүнүңүз: Эң негизгиси – буга Сиз күнөөлүү эмес экениңизди түшүнүңүз. Буллинг – бул жабыр тарткан адамдын көйгөйү эмес, ал ошол жабыр тарттырган адамдын көйгөйү. Ар бир адам сый-урматка татыктуу, эч ким башка адамды зыянга учуратууга же кемсинтүүгө акысы жок экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
  • Кимдир бирөөгө колдоо алууга кайрылыңыз: Кабатырлангандарыңыз жөнүндө ишенген адамыңызга айтуудан коркпоңуз. Досуңузга, ата-энеңизге, мугалимиңизге же мектептеги консультантка, психологго кайрылыңыз. Ишенген адамыңыз менен бул жөнүндө сүйлөшүү сизге эмоционалдык колдоо берип, жалгыз эмес экендигиңизди туюндурат.
  • Аң-сезимдүү ойлонуп, укугуңузду талап кылыңыз: Буллинг абалын тааныганга жана ага каршы чара көрүүгө үйрөнүңүз. Айрым учурларда ошол залал келтирүүчү адамга такыр эле көңүл бурбай коюу, анын аракеттерин токтотуп коюушу мүмкүн. Өзүңүздү карманып, өзүңүзгө ишенип туруп, сиздин чек араңызды бузгандарга жол «жок» деп коюңуз. Сиздин сезимдериңиз менен укуктарыңыз мааниге ээ экендигин эсиңизден чыгарбаңыз.
  • Өзүңүздү баалай билгенди, кызыкчылыгыңызды жогору койгонду үйрөнүңүз. Өзүн өзү сыйлоо жана өзүнө-өзү ишенүү – буллингди жеңип чыгуунун маанилүү аспектилери. Сизге жаккан нерсени табыңыз да, ошол жаатта көндүмдөрүңүздү өөрчүтүңүз. Хоббиге, спортко, искусствого же волонтердук ишке катышыңыз. Бул өзүңүздү баалуу жана татыктуу адам сезүүгө жардам берет.
  • Позитивдик мамилени сактаңыз: Сизди колдоп турган, сизге ишенген адамдардын арасында болуңуз. Сиз кандай болсоңуз, ошондой кабыл алган, сизди баалаган адамдар менен достошуңуз. Алар менен бирге Сиз буллингге орун болбогон, таза чөйрө түзө аласыз.
  • Маалыматтан көбүрөөк алыңыз: Мектебиңиздин же мекемеңиздин буллингге тийиштүү саясаты жана жол-жоболору менен таанышыңыз. Укуктарыңызды жана мүмкүнчүлүктөрүңүздү билсеңиз, алар зарыл учурларда натыйжалуу аракеттенүүгө жана жардамга кайрылууга жардам берет.
  • Коомдоштуктун күчүн пайдаланыңыз: буллингге каршы күрөшүүчү демилелерге жана коомдоштуктарга кошулуңуз. Бириккенде гана күчтүү болобуз! Мындай уюмдарга катышуу буллинг жөнүндө малыматты билишиңизге, башкаларды колдоп, өзүңүз да колдоо алышыңызга жардам берет.
  • Өзүңүз кетип калууну унутпаңыз: Өзүңүздүн дене бойлук жана эмоционалдык бакубатчылыгыңызга көңүл буруңуз. Ден соолугуңузга кам көрүңүз, жетиштүү уктап, туура тамактаныңыз. Медитация, йога же чыгармачыл иш менен алектенүү сыяктуу стрессти башкаруу стратегиясын окуп үйрөнүңүз. Өзүңүзгө көңүл бөлүп, жаккан нерсеңиз менен гана алектениңиз.

Сиз урмат-сыйга, коопсуздукка жана сүйүүгө татыктуу экениңизди унутпаңыз. Буллинг – бул убактылуу гана кыйынчылык, аны сиз жөн эле жеңип кете аласыз. Дал ушул стратегияларды аткарып, күчүңүз менен ишенимиңизди өркүндөтүңүз, жалгыз эмес экениңизди эстен чыгарбаңыз. Келечегиңиз кенен, ошондуктан сиз өзүңүздүн эң мыкты версиясы болууга жөндөмдүүсүз!

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар