Ден соолук

Жыныстык жол менен жугуучу оорулар

4 мүнөт
Жыныстык жол менен жугуучу оорулар

Киришүү

Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар жыныстык жол менен жугуучу ооруларды пайда кылат – алардын айрымдары айыкпай өмүр бою калат. Аларды «жыныстык жол менен жугуучу оорулар» деп аташат, себеби ал адамдан адамга сексуалдык акт учурунда жугат.

Макала

Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар жыныстык жол менен жугуучу ооруларды пайда кылат – алардын айрымдары айыкпай өмүр бою калат. Аларды «жыныстык жол менен жугуучу оорулар» деп аташат, себеби ал адамдан адамга сексуалдык акт учурунда жугат. Жыныстык жол менен жугуучу оорулар (ЖЖЖО) – венерикалык инфекцияларды камтыган инфекциялык оорулардын (сифилис, гонорея), заара түтүгүнүн (гениталийдин герпеси, жыныстык органдагы өскөн эттер, трихомоноз, микоплазмоз, хламидоз), ошондой эле ВИЧ ин

фекцияны жана вирустук В жана С гепатитин камтыган оорулардын чоӊ тобу. Кандай болбосун сексуалдык акт жыныстык жол менен жугуучу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу менен байланышкан. Көпчүлүк адамдар жыныс органында даана көрүнгөн оорунун бегилери болбогон адамдан оору жуктуруп алдууга мүмкүн эмес деп эсептешет. Бирок инфекциялардын көпчүлүгү эч кандай белги бербестен ооруп жүрө берет, ошондуктан белгинин жоктугу – адамга өз ден соолугуӊузду ишенип койгонго себеп болбойт. Андан сырткары, жыныстык инфекциялар жыныстык жол менен гана жугуп калбастан, кан аркылуу да жугат (ВИЧ-инфекция, сифилис, вирустук гепатит В жана С – кан куйганда, жалпы колдонулган стерилденбеген ийнеден). Сифилис өзүнүн айрым бир баскычтарында өбүшүү аркылуу да жугуп калууга жөндөмдүү.

Сиз жыныстык катнашка сактанбай барган болсоӊуз жана андан кийин ЖЖЖОнун айрым белгилери пайда болсо, тезинен дарыгерге кайрылыӊыз. Жыныстык жол менен жугуучу оорулар – олуттуу оору! Алардын көпчүлүгү азыркы учурда да эч айыкпайт. Ар бир ЖЖЖО – артынан адамды өлүмгө алып келе турган СПИД оорусуна жол ачкан коркунучтуу ВИЧти жуктуруп алуу кесепети. Биринде ЖЖЖОнун белгиси жок болсо, мисалы, хламидиоздо – белги болбойт, экинчисинде белги болот. Айрым ооруларды (мисалы, гонорея жана сифилис) айыктыруу мүмкүн болсо, айрымдары (герпес) өмүр бою кала берет! Айрымдары репродуктивдүү стистемага терс таасирин тийгизип, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коёт.

Демек, ар бир кадамыӊарды ойлонушуӊар керек, кыздар!

ЖЖЖОдон өзүн коргоонун мыкты ыкмасы – туруктуу мамиле курулмайын, жыныстык катнашка барбоо. Ал эми жыныстык катнашка барууну кааласаӊыз, жыныстык катнаш учурунда жаӊы сапаттуу презреватив пайдаланыӊыз. Презреватив болбосо – секс болбосун! Оралдык секс да (гениталийден оозго жана ооздон гениталийге) инфекциянын түрүн жуктуруп коюушу ыктымал.

ЖЖЖОнун алдын алуу чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт:


  • «Капыс» байланыштардан кармануу. Адамдын тышкы келбети да, билим деӊгээли да, социалдык статусу да жана үй-бүлөлүк абалыда ал адамды венерикалык оорунун бар же жок экендигинин көрсөткүчү болуп саналбайт. Мында адам өзүн ден соолугу чыӊ деп ойлоп, мындай оору менен ооруп жүргөнүн билбеши мүмкүн.
  • ЖЖЖО жуктуруп алуу тобокелдигиндеги топко кирген адамдар менен жыныстык катнашты чектөө. Мындай адамдардын катарына иши кан менен, ага кан куюлган адамдар жана баӊги заттарын венасына куюп жүргөн адамдар менен байланышкандар кирет.
  • Интимдик жашоодо жеке гигиенаны сактоо. Жаӊы презревативдерди пайдалануу, бөтөн адамдардын жеке гигиенасынын предметтерин пайдалануудан баш тартуу. Жеке гигиеналык буюмдарга сакал алган станоктор, тиш щеткалар, кол аарчылар, мочалкалар, ич кийиимдер, тапочкалар, тарактар ж.б. кирет.
Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар