Биринчи айыз

Өспүрүмдөр үчүн төшөмөлөрдү кантип тандоо керек?

3.5 мүнөт
Прокладканы биринчи жолу кантип тандоо керек: өспүрүмдөр үчүн жөнөкөй гид

Интро

Салам! Этек кир келгенде кыздар кийимин булгап албаш үчүн, ошондой эле жеке гигиенанын сактоо максатында төшөмөлөрдү пайдаланышат. Ар бир кыз үчүн төшөмөлөрдү кантип тандоо керектигин жана тандоодо эмнеге өзгөчө көңүл буруу керектигин билүү маанилүү. Келгиле, бул маселенин башкы аспекттерин бирге талдайлы.

Сиңирүү деңгээли

Биринчи кезекте, төшөмөлөр ар кандай өлчөмдө жана сиңирүү деңгээлинде болот. Эреже болгондой, сиңирүү деңгээли таңгакта тамчылар же «+» символдору менен белгиленет. Тамчылар же «плюстар» канчалык көп болсо, төшөмө ошончолук күчтүү. Эгерде этек кириң жеңил же орточо болсо, анда 3-4 тамчы менен стандарттуу төшөмө ылайык келет. Эгерде этек кир көп келип жатса, 5-6 тамчы бар төшөмөнү танда.

Өлчөмү

Төшөмөлөрдүн узундугу жана туурасы ар кандай болот. Негизинен өспүрүмдөргө стандарттуу өлчөм туура келет, бирок эгерде сага өзгөчө түнкүсүн кошумча коргоо керек деп эсептесең, узун төшөмөлөрдү же капталдарында «канаттары» бар төшөмөлөрдү танда, алар агып калуудан кошумча коргоону камсыздайт.

Материал

Көпчүлүк төшөмөлөр атайын синтетикалык материалдан жасалган, алар суюктукту жакшы сиңирет. Бирок азыркы учурда көпчүлүк компаниялар табигый материалдарды жактыргандар үчүн органикалык пахтадан жасалган төшөмөлөрдү сунуштап келет. Бул жеке тандоо маселеси, ошондуктан өз денеңди тыңдап, сага ыңгайлуу болгонун танда.

Жыты жок же жыпар жыттуу

Жыпар жыт бергичи жок төшөмөлөр – ден соолугуна кам көргөндөр үчүн мыкты тандоо. Жыпар жыт бергичтер терини дүүлүктүрүп, аллергиялык реакцияларды пайда кылышы мүмкүн. Алар сезгич тери жана ар күндүк пайдалануу үчүн ылайыктуу.

Таңгактын түрү

Идеалдуу вариант – ар бир төшөмөнүн жеке таңгагы, мындай ыкма гигиеналуулукту камсыздайт жана мите козу карындын пайда болуу тобокелдигин азайтат. Компакттуу таңгак сумкага оңой батат, ошондуктан сиз үйдөн тышкары төшөмөлөрдү пайдалана аласыз.

Канаттын түрү

Төшөмөдөгү канаттар аларды ич кийимде жакшы бекитүүгө жардам берет, жылып кетүүнүн жана агып калуунун алдын алат. Терини дүүлүктүрбөгөн жана ич кийимге жакшы кыналган канатты тандоо маанилүү, бул активдүү жашоо образы үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Кайсы төшөмөлөр жакшы?

Биз сага Kotex Young мыкты төшөмөлөрүн сунуштоого даярбыз! Ал өспүрүмдөрдүн организминин өзгөчөлүктөрүн жана жашоо стилин эске алуу менен, атайын алар үчүн даярдалган.

  • Анатомиялык формасы: Kotex Young төшөмөлөрү максималдуу ыңгайлуулукту жана кыймылдын эркиндигин камсыздаган анатомиялык формага ээ;
  • Натыйжалуу сиңирүү: Ар бир төшөмө күн бою сага тынчтыкты камсыздап, өзгөчө материалдын аркасында мыкты сиңирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ;
  • Жумшак үстүңкү катмар: Төшөмөнүн жогорку катмары жумшак жана назик материалдан жасалган, ал дүүлүгүүнүн жана кургактык сезиминин алдын алат;
  • Ыңгайлуу таңгак: Ар бир төшөмө жеке таңгакталган, бул ыңгайлуулукту жана гигиеналуулукту камсыздайт;
  • Ишенимдүү коргоо: Төшөмөнүн каптал тараптарындагы канаттар агып калуудан кошумча коргоону камсыздайт, сага ар кандай кырдаалда ишенимдүү болуу мүмкүнчүлүгүн берет;
  • Жыты жок: Kotex Young жыпар жыт бергичтерди камтыбайт, сага табигый сергектик сезимин кепилдейт.

Kotex Young төшөмөлөрү – бул чоң жашоого саякаттыын баштагандар үчүн идеалдуу тандоо. Алар жашооңдун маанилүү учурларына көңүл буруу мүмкүнчүлүгүн берип, сага керектүү ыңгайлуулукту жана коргоону тартуулайт.
Сага эмне көбүрөөк ылайык келерин билүү үчүн төшөмөлөрдүн ар кандай түрлөрүн колдонуп көрүүдөн корко. Ар би радам уникалдуу, сенин курбуңа жаккан нерсе сага ылайык келбеши мүмкүн. Бул нормалдуу көрүнүш. Төшөмөлөрдү тандоо анчалык коркунучтуу эместигин, тынчсыздануунун кереги жоктугун эстен чыгарба. Бул болгону чоңоюуга карай жолдогу дагы бир кадам.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар