Этек кир жөнүндө

Айыз эмне себептен стигматизацияланат?

5 мүнөт
Айыз эмне себептен стигматизацияланат?

Киришүү

Айыз же менструация – аялдын организминде ар ай сайын жүрүп туруучу табигый биологиялык процесс. Бирок анын табигыйлыгына карабай, менструация али да болсо стигма менен курчалган жана көптөгөн коомдо түшүнбөстүк менен коштолгон тема болуп саналат.

Макала

Айыз же менструация – аялдын организминде ар ай сайын жүрүп туруучу табигый биологиялык процесс. Бирок анын табигыйлыгына карабай, менструация али да болсо стигма менен курчалган жана көптөгөн коомдо түшүнбөстүк менен коштолгон тема болуп саналат. Бул макалада биз эмне себептен ушундай болот жана кандлай кесепеттерге ээ экендигин талдап көрөбүз. Менструациянын стигматизацияланышы бала кезде эле башталат, анда кыздар өзүн ыӊгайсыз сезишип, биринчи келген айызынан уялышат. Бул темада сабаттуу билими жана ачык сүйлөшүү жоктугу ушундай көйгөйгө алып келет. Айрым коомдордо менструация кир, жагымсыз, ал гана эмес күнөөлүү нерсе катары кабыл алынган, анын негизинде кыздарда да, аялдарда да уялуу сезими кала берген.

Бул стигматтын натыйжасында көптөгөн аялдар менструацияга байланыштуу бир топ тоскоолдуктарга кабылышат. Алардын бири – санитардык каражаттардын жеткиликтүү эместиги, өзгөчө аз камсыз болгон аймактарда жашаган же өнүгүүсү төмөн өлкөлөрдө жашаган аялдар үчүн мүнөздүү. Гигиеналык каражаттарпдын жеткиликтүү эместиги адекватсыз жана кооптуу материалдарды пайдаланууга түрткү кылат, ал инфекцияларды киргизип, оору жуктуруп алуу тобокелдигин күчөтөт. Ошондой эле менструация жөнүндө жана ага байланышкан ден соолук жөнүндө маселелерде сабаттуулуктун жоктугу. Аялдардын көпчүлүгү менструация учурунда өзүн кандай карап, цикл менен байланышкан ыӊгайсыздыктан жана көйгөйлөрдөн кантип алыс болуу тууралуу маалыматты ала алышпайт. Бул алардын жапа чегишине жана өз денесине терс мамиле жасоосуна алып келет. Менструациянын стигматизациясынын дагы бир маанилүү аспектиси болуп социалдык жана экономикалык бөлүү саналат. Айрым коомдордо аялдар менструация учурунда диний ырым-жырымдарга катышууга, ыйык жерлерге барууга же коомдук иш чараларга катышууга тыюу салынат. Бул болсо элден бөлүнүү жана дискриминация чезимин жаратат. Андан сырткарыменструациянын стигматизациясы аялдын дене бойлук жана психикалык саламаттыгы үчүн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Менструациядан уялуу жана ал жөнүндө терс пикирлер стресске кабылтып, тынчсызданууну жана депрессияны жаратышы мүмкүн. Айрым аялдар менструациясы келип жаткандыктан коомго байкалып калуудан же алардын шылдыӊына кабылуудан коркушуп, коомдук иш-чараларга катышпай же мектепке же ишке барбай коюшат.

Социомаданий кабыл алуулар да менструациянын стигматизацияланышына алып келет. Ачлдарды менструация учурунда алсыз, чыркоо кылып чагылдырган жарнамалар, тасмалар жана медиалар негатив стереотиптерди чыӊдап, кыздарга жана аялдарга кошумча басымды күчөтөт.

Алгач прокладкаларга жана тампондорго тыюу салынган,алар сырлуу товарлар болушкан. Кийин, жарнамалык роликтерде «менструация» сөзү «алар» же «кыйын күндөр» деген сөздөргө уялуу менен алмаштырылган. Аялдар менструация жөнүндө эркин сүйлөшүү аракетин жасаганда, аларга кысым жасалып, «уят» деп тыйылган.

Айыз – узак убакыт бою уяттуу тема болгон, бизде 21 кылымда гана стигматизацияланган. Бирок бүгүнкү күнү биз жаӊы эраны карай эми гана кадам таштап жатабыз, анда менструация – кадыресе көрүнүш.

Kotex стигмага каршы биринчи кадам таштаган биринчи ишкана. Бирок, кантип ушуга жетти?

1946- жылы Kimberly-Clark атайын агартуучу мультфилдьм тартуу өтүнүчү менен Disney Picturesке кайрылганын көпчүлүк деле билбесе керек. «Менструация баяны» - бул 10 мүнөттүк анимациялык тасма, санитардык агартуу класттарында болжол менен 105 миллион америкалык студентке көрсөтүлгөн. Гинеколог Мейсон Хон тасма агартуучулук-интерактивдик сапатка ээ болгондугун гана эмес, илимий жактан так да болгондугуна ынаныш үчүн атайын адис катары жалданган. Көрүүчүлөргө «менструацияда табышмактуу же коркунучтуу эч нерсе жоктугун» айтышып, менструациялык циклди деталдаштыруу үчүн анимацияланган диаграммалардын мисалында бардыгын көрсөтүшкөн. Тасманын кадрында бул процесс кадыресе көрүнүш экенин туюнтуу үчүн, аялдар ат үстүндө эркин жүрүшүп, бийге катышышкан, ал гана эмес айыз учурунда сууда да сүзүшкөн!

Биз бир нерсени тартынбай ачык талкууга алган учурда гана стереотиптерге жана терс талкууга орун калбай калат.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар