Этек кир жөнүндө

Этек кир жөнүндө эмне билүү керек?

4 мүнөт
Этек кир жөнүндө эмне билүү керек?

Киришүү

Этек кир, же болбосо менструация – бул табигый физиологиялык процесс, аны болжол менен 12 жаштан 50 жашка чейинки кыздар менен аялдар башынан өткөрүшөт.

Макала

Этек кир, же болбосо менструация – бул табигый физиологиялык процесс, аны болжол менен 12 жаштан 50 жашка чейинки кыздар менен аялдар башынан өткөрүшөт. Ар айда келүүчү цикл аялдын төрөө системасынын маанилүү элементи болуп саналат да, ден соолугу үчүн олуттуу мааниге ээ.

Этек кир деген эмне?

Этек кир – ар бир аялда ар ай сайын жыныс кынынан мезгил-мезгили менен чыга турган кан агуу. Ал кыздар жыныстык жактан жетилген, өспүрүм же пубертаттык мөөнөт деген курактан башталып, менопауза болгонго чейин жүрөт, тактап айтканда, этек кир токтойт.

Этек кир кандай келет?

Менструалдык цикл орточо алганда 28 күнгө созулат, бирок ар бир аялда ар башкача жүрөт, айрымдарында мөөнтү буга караганда кыска болсо, айрымдарында узак болот. Этек кир гелген биринчи күн жаңы циклдин башталышы болуп саналат. Этек кир келип жаткан учурда жатын уруктандырылган жумуртка клеткаларын кабыл алууга даярдалып калган ички катмарды бөлөт. Эгер жумуртка клеткасы уруктандырылбаса, анда бул катмар да кан менен кошо кын аркылуу агып сыртка чыгат. Этек кир ар бир аялда ар кандай сезимдер жана белгилер менен коштолушу мүмкүн. Айрым аялдар курсак алдындагы ооруну же белдеги ооруну сезиши мүмкүн, чыркоо болуп, тез чарчап, этек кир келердин алдында көкүрөгүнүн көөп кеткенин жана башка белгилерди байкашат.Бул белгилер этек кир алдындагы синдром (ЭАС) деп аталат да, көп учурда этек кир келип баштагандан кийин жоголуп кетет.

Этек кир келип жатканда өзүн кандай караш керек?

Этек кир келип жатканда, инфекция кирип кетпеши үчүн гигиенаны таза карманып, өзүнө жайлуу жагдай түзүп алуу маанилүү. Этек кир келип жатканда өзүн кароого бир нече кеңеш:

  • Гигиеналык каражаттарды пайдаланыңыз: этек кир келип жаткан учурда, канды сиңирип алуу үчүн тампондорду, прокладкаларды же болбосо көп жолку пайдаланылуучу этек кир идишин колдонсоңуз болот. Өзүңүзгө ыңгайлуу каражатты тандаңыз да, инфекция кирип кетпеши үчүн аны тез-тез алмаштырып туруңуз.
  • Гигиенаны сактаңыз: гигиеналык каражаттарды тез-тез алмаштырыңыз, жыныс органдын айланасын жылуу суу жана жумшак самын менен жууп туруңуз. Гигиенанын жыты чыккан парфюмердик каражаттарын пайдаланбаңыз, алар денеге дүүлүгүүнү пайда кылат.
  • Өзүңүздү караңыз: этек кир келип жаткан учурда организмиңизди жетиштүү эс алдырыңыз, азыктандырыңыз жана жетиштүү өлчөмдө суюктук ичип туруңуз. Өзүңүздүн абалыңызга көңүл буруп, ыңгайсыздыкка жана бир жериңиздин оорусуна жол бербеңиз.
  • Активдүү болуңуз: физикалык активдүүлүк ооруларды басаңдатып, маанайыңызды көтөрө алат. Албетте,өзүңүздүн абалыңызга жараша, физикалык активдүүлүктүн жеңилин тандаңыз.
  • Бирөөлөр менен баарлашыңыз, өзүңүзгө дем бериңиз: Кабатырланган нерсеңиз же белгилер жөнүндө жакын адамдарыңызга же врачка айтуудан тартынбаңыз. Жаныңыздагылардын колдоосу жана Сизди түшүнүүсү этек кир менен байланышкан кандай болбосун кыйынчылыктарды жеңүүгө сизге жардам берет.

Этек кир – бул ар бир аялдын жашоосундагы ченемдеги жана табигый процесс. Ар бир аял аны ар башкача көтөрөрүн, жана ар бир аял этек кири келип жаткан учурда ыңгайлуулукка жана өзүн кароого укугу бар экендигин түшүнүү керек. Ал жөнүндө билим алуу, коомчулук тарабынан ачык сүйлөшүүлөр жана колдоолор этек кирге байланыштуу түшүнбөстүктөрдү жана стигманы жоюуга жардам берип, ар бир аял өзүн өз денесинде ыңгайлуу жана ишенимдүү сезе турган чөйрөнү түзөт.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар