Ден соолук

Уулуу шок синдрому

2.5 мүнөт
Уулуу шок синдрому

Киришүү

Уулуу шок синдрому бардык адамдарда, эркектерде да, балдарда да жаралышы мүмкүн. Бирок бул көпчүлүк учурларда аялдардын менструациясы келген учурда кездешет.

Макала

Уулуу шок синдрому бардык адамдарда, эркектерде да, балдарда да жаралышы мүмкүн. Бирок бул көпчүлүк учурларда аялдардын менструациясы келген учурда кездешет. Уулуу шок синдрому, же УШС – тампондорду пайдалануунун өтө сейрек кездешкен, бирок өтө коркунучтуу кесепет. Менструалдык кандан жана тампондун компоненттеринен турган «азыктануу чөйрөсүндө» бактериялар – алтын түстүү стафилококктор көбөйүп кеткендиктен өөрчүйт. Алар TSST-1 («токсин-1 уулуу шок», toxic shock syndrome toxin 1) аталышындагы уулуу затты бөлүп чыгарышат – дал ушулар өмүгө коркунуч алып келген бузулууларды пайда кылып, адамдын дене табын жогорулатат, кан басымын түшүрөт да, анын натыйжасында аялдын органдары иштебей калышы мүмкүн болот.

Уулуу шок синдромунун белгилери тез пайда болуп, катуу кармаган гриппке окшошуп кетет. Алар төмөнкүлөр менен коштолушу мүмкүн:

  • Баштын күтүүсүз оорусу.
  • Булчуӊдардын түйүлүшү.
  • Дене табы 390 жана андан жогору болушу.
  • Чыйрыгуу жана муздак тер.
  • Окшуу же диарея.
  • баш айлануу, алсыздануу жана эстен тануу.
  • Алакандарда жана согончокто тактардын пайда болушу.

Уулуу шоктун бардык белгилери бирдей болбостугун жана алар дайыма эле байкала бербестигин унутпаӊыздар. Тампонду пайдаланууда саналып өткөн белгилердин бири эле пайда болсо, дароо врачка кайрылыӊыз. Бүгүнкү күнү УСШ эки миллион аялдын биринде гана өөрчүйт. Ошентсе да – мындай тобокелдик төмөн болгонуна карабай – тампон колдонуудан, өзгөчө түнкүсүн колдонуудан көпчүлүк аял коркот, себеби түн ичинде аны алмаштырууну унутуп да калышы мүмкүн.

Уулуу шок синдромунун өөрчүү тобокелдигин төмөндөтүүнүн бир нече ыкмасын келтиребиз:

  • Тампон салаардан мурун жана чыгаргандан кийин колуӊузду жууп туруӊуз.
  • Башка тампонду салаардан мурун, эскисин алып салыӊыз.
  • Менструация бүтөрдө тампон колдонуу сунушталбайт, себеби сиздин кыныӊыз кургак, аны салып жүргөнүӊүздү унутуп коюушуӊуз мүмкүн.
  • Сиз тампонду 4 саатта бирден кем эмес жолу алмаштырып турушуӊуз керек. Эгер катуу келип жатса, андан да тез алмаштырыӊыз.
  • Тампонду түнкүсүн салбаӊыз. Биринчиден, аны бир саатта төрт жолу алмаштыруу керек, экинчиден, басып жүргөнгө караганда, жатканда оордук күчү канды тампонго тарта албайт.
Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар