Ден соолук

Овуляция

4 мүнөт
Овуляция

Киришүү

Овуляция – бул анда аялдын жумуртка баштыгында уруктануу үчүн даяр болгон жетилген жумуртка клеткалары бошонуусу жүргөн физиологиялык процесс. Овуляция менструалдык циклдеги негизги учур болуп саналат да, кош бойлуулукту пландоодо зор мааниге ээ.

Макала

Овуляция – бул анда аялдын жумуртка баштыгында уруктануу үчүн даяр болгон жетилген жумуртка клеткалары бошонуусу жүргөн физиологиялык процесс. Овуляция менструалдык циклдеги негизги учур болуп саналат да, кош бойлуулукту пландоодо зор мааниге ээ.

Овуляция процесси

Овуляция болжол менен менструалдык циклдин ортосунда жүрөт, негизинен аялдардагы менструалдык 28 күндүк циклдин 14-күнү болот. Бул учурда жетилген жумуртка клеткасы жумуртка баштыгынын биринде фолликулдан бошонуп, жумуртка жолуна жылат да, сперматозоид менен уруктандырылышы мүмкүн.

Овуляциянын белгилери

Овуляция болгонун көрсөтүүчү бир нече белгилери жана симптомдору болот:

  • Келген суюктуктун өзгөрүшү: Овуляция учурунда аялдын кынынан чыккан суюктуктун консистенциясы жана өлчөмү өзгөрүшү мүмкүн. Ал ачык түстө, былжырак болуп, кургак жумурткага окшошуп калат. Бул эстрогендин деӊгээлинин жогорулашына байланыштуу, ал сперматозоиддер үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө көмөктөшөт.
  • Оору сезимдер: айрым аялдар овуляция учурунда курсактын төмөн жагынын бир капталы бир аз ооруганын жана ыӊгайсыздык жаралганын сезе алышат. Бул овулятордук оору же митез деп аталат.
  • Дененин базалдык табынын өзгөрүшү: Дененин базалдык табы – (ДБТ) – бул дененин тынч турган абалындагы табы. Овуляция учурунда айрым аялдарда ДБТ бир аз көтөрүлөт, аны термометрдин жардамы менен байкоого болот.
  • Либидонун чоӊоюшу: Айрым аялдарда овуляция учурунда сексуалдык каалоосу күчөп кетет ал көбөйүүгө табигый умтулуу менен байланышкан.

Кош бойлуулукту пландоо үчүн овуляциянын мааниси

Кош бойлуулукту каалаган аялдар үчүн овуляция негизги учур болуп саналат. Овуляция учурунда бошонгон жетилген жумуртка клеткасы чектелген убакыт аралыгында гана, негизинен болжол менен 12-14 сааттын ичинде сперматозоид менен уруктандырылышы мүмкүн. Ошондуктан юойго бүтүрүү үчүн жагымдуу учур овуляциянын алдындагы бир нече мурунку күнгө жана овуляция жүргөн күнгө туш келет.

Кош бойлуулукту пландап жаткан аялдар үчүн өзүнүн менструациясынын циклин билгени жана овуляция убактысын аныктап алуусу жакшы болот. Овуляцияны аныктай турган ар түрдүү ыкмалар бар, алар:

  • Календардык ыкма: Менструациялык циклдин туруктуулугуна негизделген. Мурдагы циклдердин негизинде овуляция күнү эсептелип чыгарылат.
  • Овуляциянын тести: Дарыканалардан сатып алууга болот, ал овуляциянын алдында бошонуп чыккан лютенизирлөөчү гормондун (ЛГ) чокудагы деӊгээлинин бар экендигин аныктайт.
  • Дененин базалдык табы: ДБТнын өзгөрүшүн көзөмөлдөӊүз, ал овуляциядан кийин көтөрүлөт.
  • Овуляциялык белгилер: келген суюктуктун өзгөргөнүнө, оору сезимдеринин пайда болгонуна жана овуляциянын башка белгилерине көӊүл буруӊуз.

Овуляцияны түшүнүү жана өзүнүн менструациялык циклин билүү бойго бүтүрүү үчүн жагымдуу күндөрдү аныктап алууга жардам берет. Бул бойго бүтүрүүгө мүмкүнчүлүктү олуттуу жогорулатып, үй-бүлөлүк турмушту пландоону жакшыртат.

Овуляция туруктуу болбой калышын же айрым аялдарда ал жоктугун да белгилеп кетүү керек. Эгер сизде овуляцияга байланышкан көйгөй жаралса, же кош бойлуулукту пландоо татаалдашса, консультация жана кошумча колдоо алуу үчүн врачка же репродуктивдүү саламаттык боюнча адиске кайрылуу сунушталат.

Овуляция – аялдын жашоосундагы маанилүү процесс, ал кош бойлуулукту пландоодо чечүүчү ролго ээ. Анын белгилери менен маанисин түшүнүү аялдарга өзүнүн репродуктивдүү саламаттыгы жана үй-бүлөлүк планы жөнүндө маалымат топтолгон чечим кабыл алышына жардам берет.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар