Ден соолук

Гинекологго баруу

3 мүнөт
Гинекологго баруу

Киришүү

Гинеколог – аялдын репродуктивдүү саламаттыгын көзөмөлдөөчү адис. Бул врач менструация учурунда жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет, эгер сиз жыныстык катнашты жүргүзсөӊүз, бойго бүтүүгө каршы каражаттарды сунуштайт.

Макала

Гинеколог – аялдын репродуктивдүү саламаттыгын көзөмөлдөөчү адис. Бул врач менструация учурунда жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет, эгер сиз жыныстык катнашты жүргүзсөӊүз, бойго бүтүүгө каршы каражаттарды сунуштайт. Кыздар пландык текшерүүнүн алкагында гинекологго 5-6 айда бирден кем эмес жолу барып туруулары керек. репродуктивдүү чөйрөнүн органдарына мүнөздүү доомат болсо, профилдик врачка сөзсүз баруу керек.

Сиз кош бойлуулукту пландап жатканда, кош бойлуу болгондо, «аялдык ден соолугуӊузда» көйгөй жаралганда, же төмөнкү учурларда гинекологго сөзсүз барышыӊыз керек:

  • 16 жашыӊызда айыз баштала элек болсо;
  • Айыз өтө оорутуп келсе;
  • Айызыӊыз өтө узак мөөнөт болсо, катуу же оор келсе;
  • Менструациялар ортосунда кан сымал суюктук келсе;
  • Бир айдын ичиндебир нече жолу кан келсе;
  • Көпчүлүк учурда белиӊиз, жамбаш тарабыӊыз ооруса;
  • Сасык кир келсе (жыныстык катышка барбасаӊыз дагы);
  • Секстен киийн кир суюктук кетип баштаса;
  • Секс менен алектенүүнү пландап жатсаӊыз (анда өнөктөшүӊүз сиз менен кошо барып, ал дагы текшерүүдөн өтүүгө тийиш).

Гинекологго качан баруу керек?

Жыныстык катнашка барууну баштардан мурун Гинекологго барууӊуз керек. Жыныстык жашоону баштагандан киийн , сизди тез-тез кабыл алып турушат. Ал кабыл алууларды өткөрүп жибербөө зарыл, өзгөчө эгерде:

  • Сизде жыттанган, көбүргөн, жашыл, сары, ак жана/же кычыткан суюктук чыга баштаса;
  • Менструацияӊыз туруктуу болбосо;
  • айыз келгенде ыӊгайсыхздык же оору пайда болсо.

Негизинен кыздар жыныстык турмушту баштагандан биринчи баласы төрөлгөнгө чейин кайрылууга ыӊгайлуу болгон гинекологду тандап алышат. Бир эле гинекологго барып туруу ал сиздин ооруларыӊыздын баянын так блилип, сизди жакшы түшүнгөнүнүн белгиси болот. Гинекологуӊузга ишеним артуу маанилүү.

Врачтын кабыл алуусунда эмне болот?

Сиз али кыз болсоӊуз, текшерүүдөн өтүү үчүн медициналык көрсөтмөлөр жок болсо, анда сиздин мурдагы жашооӊуз жана бала кездеги ооруларыӊыз, башыӊыздан өткөн операциялар тууралуу суроо гана берет. Инфекция жоктугуна ынаныш үчүн кандын анализин тапшырууга жиберет. Эгерде секс менен алектенүүнү пландап жаткан болсоӊуз, ВИЧке тест тапшырышыӊыз керек. Сиздин өнөктөшүӊүз да ВИЧке тест жана жыныстык жол менен жугуучу башка ооруларга жана инфекцияларга кандын анализин тапшыруусу зарыл.

Көкүрөгүӊүздө томпоктордун жоктугу текшерилет. Эгерде секс менен алектенүүнү пландап жаткан болсоӊуз, бойго бүтүүгө каршы каражаттардын иштешин, аларды туура пайдаланууну билип алышыӊыз үчүн бойго бүтүүгө каршы каражаттар тууралуу талкуулоону сунушташат. Ошондой эле врач менструациянын күнүн, маанайдын, тамакка табиттин жана салмактын өзгөргөнүн жазып жүрүүнү сунуштайт.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар