Этек кир жөнүндө

Менструация жана оор жүк

3.5 мүнөт
Менструация жана оор жүк

Киришүү

Дене бойлук жактан активдүү болуу аялдын ден соолугуна бир топ оӊ натыйжаларды берет. Бирок этек кириӊиз жакындап калса, же келип жаткан болсо, эмне кылуу керек?

Макала

Дене бойлук жактан активдүү болуу аялдын ден соолугуна бир топ оӊ натыйжаларды берет. Бирок этек кириӊиз жакындап калса, же келип жаткан болсо, эмне кылуу керек? Менструация учурунда спорт менен алектенүүгө болобу, же оор жумуш жасоого болобу деген суроолор көпчүлүгүк аялдардын тынчын алат.

Менструация менен оор жумуш жасоонун ортосундагы байланыш

Менструация дене бойлук активдүүлүктү токтотуу үчүн себеп болбошу керек. Ал гана эмес дене бойлук активдүүлүк курсак алдындагы оору жана нервдин чыӊалуусу сыяктуу менструациянын айрым белгилерин жеӊүүгө жардам берет деп айтышат. Чындыгында, анча оордук келтирбеген физикалык жүктөр маанайды көтөрүп, чыӊалууну төмөндөтүп, ооруну басаӊдатышы да мүмкүн. Бирок ар бир аял индивидуалдууу, жана физикалык активдүүлүгүнүн деӊгээли менструация учурунда өзгөрүп турушу мүмкүн. Айрым аялдар менструациясы келген учурда физикалык активдүү болсо, оорулардын күчөшүн же дискомфортту сезиши мүмкүн. Мындай учурларда өз организмин байкап, ошого жараша иш кылып, физикалык жүктүн интенсивдүүлүгүн жана тибин өзүнүн абалына, сезгенине ылайыктоо керек.

Менструация учурунда физикалык активдүүлүк үчүн сунуштамалар

  • Өз денеӊизди угуӊуз: менструация учурунда өзүӊүздүн сезгендериӊизди угуп, аларга ылайык мамиле жаоо маанилүү. Эгер өзүӊүздү энергиялуу сезип, дискомфортко кабылбастан, физикалык активдүүлүк менен алектене алсаӊыз, анда көнгөн машыгууларыӊызды жана дене бойлук көнүгүүлөрүӊүздү жасоону уланта берсеӊиз болот.
  • Интенсивдүүлүктү өзгөртүӊүз: Эгер сиз физикалык активдүүлүк учурунда оорунун белгиси күчөгөнүн же дискомфортту сезсеӊиз, анын интенсивдүүлүгүн төмөндөтүүгө аракет кылыӊыз. Андан жеӊилирээк көнүгүүлөргө өтүӊүз. Мында сиз активдүү бойдон кала бересиз, бирок организмге жүк төмөндөйт.
  • Физикалык активдүүлүктүн тибине көӊүл буруӊуз: физикалык активдүүлүктүн айрым түрлөрү менструация учурунда бир топ алгылыктуу болушу мүмкүн. Мисалы, йога, пилатес же сүзүү менен алектенүү организм үчүн жеӊил болуп, оору сезимдерин жок кылышы мүмкүн.
  • Таза гигиенаны камсыз кылыӊыз: Менструация учурунда физикалык активдүүлүктө гигиенага көӊүл буруу керек. Тампон же прокладка сыяктуу гигиеналык каражат пайдаланыӊыз, инфекция болбош үчүн аларды тез-тезалмаштырып туруӊуз.
  • Активдүүлүккө акырындап кайтыӊыз: Менструация учурунда катуу ооруп, дискомфорт сезсеӊиз, физикалык активдүүлүктүн интенсивдүүлүгүн кыскартуу керек, катуу келип жатканда бир аз тыным жасоо зарыл. Менструация аяктап, өзүӊүздү жакшы сезе баштаганда, кадимки физикалык активдүүлүгүӊүзгө кайтып келе берсеӊиз болот.

Ар бир аял өзгөчө жана менструация учурунда индивидуалдуу тажрыйбага ээ экендигин эстен чыгарбоо керек.

Денеӊиз менен сүйлөшүп туруӊуз, сезимдериӊизди угуӊуз, өзүӊүздүн физикалык активдүүлүгүӊүздү ошол сезгендериӊизге ылайык адаптациялаӊыз. Эгер сизде олуттуу көйгөй же шектенүү жаралса, анда консультация алуу үчүн дароо врачка кайрылыӊыз.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар