Ден соолук

Кош бойлуулук

3 мүнөт
Кош бойлуулук

Киришүү

Статистикадагы маалыматка таянсак, өспүрүмдөрдүн кош бойлуу болуп калуусу күн сайын өсүп бара жатат, бирок мунун кесепетин кыздар өтө кеч түшүнүп жатышат! 18 жаш куракка чейинки өспүрүм кыздардын кош бойлуулугу, психологиялык көз караштан алганда, алардын психикалык жактан өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Макала

Статистикадагы маалыматка таянсак, өспүрүмдөрдүн кош бойлуу болуп калуусу күн сайын өсүп бара жатат, бирок мунун кесепетин кыздар өтө кеч түшүнүп жатышат! 18 жаш куракка чейинки өспүрүм кыздардын кош бойлуулугу, психологиялык көз караштан алганда, алардын психикалык жактан өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Өспүрүм курактагы кыздар инсан катары жетиле элек, тиешелүү билим ала элек болгондуктан, балага жоопкерчиликти да аң-сезими менен али туя элек мезгили болот.

Капыс кош бойлуу болуп калуудан кантип сактануу керек?

Келиңиз, сүйлөшүп көрөлү! Өспүрүм кезде кош бойлуу болуп калбоонун бир гана жалгыз ыкмасы – жыныстык катнашка барбоо. Жыныстык катнаш жөнүндө чечим кабыл алуу – өтө маанилүү этап, ага аң-сезимдүү мамиле жасоо керек.

Бирок, өнөктөшүңүз экөөңүздөр жыныстык катнашка барып койгон болсоңуздар, анда:


- Контрацептивдин кайсы түрүн пайдалануу керектиги жөнүндө билүү үчүн врачка экөөңүздөр чогуу барыңыздар.

- Врач бойго бүтүрбөөчү каражаттарды кантип туура жана дайыма колдонуу керектигине кеңеш бериши керек. Эгерде сиз жыныстык катнашта сактанбаган болсоңуз, жана сиз кош бойлуу болуп калуудан чын эле кабатырланып жатсаңыз, анда дарыканадан же врачтан экстрендик контрацепция таблеткасын сатып алсаңыз болот. Бул таблетканы жыныстык катнашка баргандан кийин 72 сааттын ичинде ичүү керек. Бирок бул таблетканын бир топ терс таасири бар экени эсиңизде болсун, ошондуктан адис менен кеңешип, мындай экстрендик котрацепцияны пайдалануудан алыс болуу маанилүү болуп саналат.

Кош бойлуу болуп калсаңыз, кандай белгилер пайда болот?

  • Этек кирдин кечигиши. Жыныстык катнаштан кийин этек кирдин келбей калышы эң негизги белги болуп саналат.
  • Окшуп, кусуу. Таң эрте көңүл айнып, окшуп калуу кош бойлуулуктун чыныгы белгиси болот. Ал бойго бүткөндөн эки жума өткөндө эле башталышы мүмкүн.
  • Көкүрөк ооруй баштайт.
  • Табарсык кысылып, ажаатканага тез-тез баргысы келүү.
  • Гормондордун өзгөрүүсү эмоционалдык тынчсызданууга алып келет, ал эми улам чарчай берүү - кош бойлуулуктун эрте көрүнгөн белгиси.

Эгерде сиз жакында эле жыныстык катнашта болуп, жогоруда саналып өткөн белгилердин бири же бир нечеси пайда болсо, дарыканадан кош бойлуулукка экспресс тест сатып алыңыз. Эгерде тест өтө эрте салынган болсо, натыйжасы ката да болуп калышы мүмкүн. Ал эми кандын анализи кош бойлуулукту этек кир келгенге чейин эле туура аныктап бере алат. Эгер сиз тынчсызданып жатсаңыз, анда кандын анализин тапшырууга врачыңыз багыттама берүүсүн сураныңыз.

Андан кийинки кадам – бул жөнүндө кимдир бирөө менен сүйлөшүү. Эң негизгиси, бул учурда досторуңуз жана үй-бүлөңүз Сизге мурдагыдан да артык керек болорун, алар менен көбүрөөк баарлашыңыз керек экендигин эстен чыгарбаңыз.

Балаңыздын атасы кош бойлуу болгонуңузду билүүгө жана ага жоопкерчиликтүү болууга укуктуу!

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар