Этек кир жөнүндө

Жыныс кынынан аккан суюктук кандай болот

4 мүнөт
Жыныс кынынан аккан суюктук кандай болот

Киришүү

Жыныс кынынан суюктук – бул ченемдүү көрүнүш, себеби кын табиятынан эле нымдуу болот. Ал гана эмес ал суюктукта кычкыл жыт чыгып жаткандай сезилет, бул да кадимки көрүнүш, ал инфекциянын алдын алууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу айтуу, албетте, ыӊгайсыз. Бирок билип ала турган нерселер да бар.

Макала

Жыныс кынынан суюктук – бул ченемдүү көрүнүш, себеби кын табиятынан эле нымдуу болот. Ал гана эмес ал суюктукта кычкыл жыт чыгып жаткандай сезилет, бул да кадимки көрүнүш, ал инфекциянын алдын алууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу айтуу, албетте, ыӊгайсыз. Бирок билип ала турган нерселер да бар.

Трусыда калган кандай болбосун нымдашуу – бул кадыресе көрүнүш, ага капаланып кереги жок. Эгерде мурда болбогондой кычышып, же жагымсыз жыт чыга баштаса, дароо, өзгөчө сиз жыныстык катнашка барган болсоӊуз, врачка кайрылуу керек.

Любые выделения на трусиках – это нормально и нет необходимости в стрессе. Но если появляется зуд или неприятный запах, какого раньше не было, следует незамедлительно обратиться к врачу, особенно если вы занимались сексом.

Суюктуктун түрү.

Негизинен, мындай суюктук этек кир келерден эки жума мурун башталат, алар жумуртканын бышпаган агы сыяктуу болот. Ным, жылмакай, жытсыз, кычыштырбайт, жөн гана трусыны нымдаштырып коет. Бул ченемдеги көрүнүш, кабатыр болбоӊуз.

  • Күрөӊ түстөгү суюктук: этек кир келер алдындагы же бүтөр алдындагы белги. Бул адам баласынын организминде бир суткадан ашык кармалып калган «начар эмес» кан, жөн эле кан. Эски кан күрөӊ түскө өтүп кетет.
  • Коюу, ак жана бүдүр сымал суюктук: бул, негизинен, вагиналдык дрож инфекциясы, кандидоз катары белгилүү, организмиӊизде бактериялардын дисбалансынан улам пайда болгон кадыресе көрүнүш.
  • кычытып келген суюктук: грибок инфекциясы, мисалы, молочница.
  • балык жыттанган суюктук: бактериалдык вагинит деп аталган инфекция жөнүндө алдын ала билдирет. Бул жыныстык катнаш аркылуу берилбеген инфекция.
  • Сасык, көбүктөнгөн жашыл /сары/ ак түстөгү суюктук: негизинен жыныштык катнаш учурунда жуккан инфекциянын белгиси. Мындай суюктук келгенде сөзсүз түрдө текшерүүдөн өтүп, дарылануу керек.

Эгерде сизде биринчи жолку этек кириӊиз келе элек болсо, жана жыныс кындан суюктук келе баштаса, анда менструация жакында башталарынын белгиси болот. Жакында сизге керектелип калуучу Kotex® прокладкаларынан азыртан алып коуга сизге сонун мүмкүнчүлүк бар. Цикл учурунда менструацияӊыз бүтөөрү менен бир нече күн бою жыныс кыныӊыз кургак болорун байкайсыз. Анан организмден сюуктук чыга баштаганын сезесиз (кандай экенин жогоруда жазылган). Бул жөн эле организмиӊиз мөмөлүү экендигинин белгиси – бул учурда овуляция жүрүп жатат. Ошондой эле маанайыӊыз көтөрүлүп, өзүӊүзгө ишенимиӊиз артканын да байкайсыз. Себеби ушул учурда гормонуӊуз (эктроген жана прогестерон) чекке жетип, өзүӊүздү сонун сезгенге жеткирип жатат!

Бул кайсы убакта болгонун, датасын календарга белгилеп алыӊыз. Анан 14 күн алдыга эсептеп коюӊуз да, кийинки этек кириӊиз келе турган датаны белгилеп аласыз.

Суюктук келсе эмне кылуу керек?

Мындай учурда өзүӊүздү ыӊгайлуу сезиш үчүн төмөнкүлөрдү жазаӊыз:


Күн сайын керектелүүчү жука прокладкалар – ич кийимиӊизди менструациянын же башка сюуктуктун биринчи күнү сыртка агып кетүүсүнөн коргоонун сонун ыкмасы.

  • Күн сайын таза ич кийим менен алмаштырып туруӊуз.
  • кууш жынсы кийбеӊиз.
  • заара кылган соӊ, алдынан артты карай аарчыӊыз.
  • Ваннага түшөөрдө андагы сууга көбүрткүчтү же жыттуу майларды кошпоӊуз.

Ушунун бардыгын бирөө менен талкуулап алсаӊыз, сизге да жеӊил болот. эсиӊизде болсун, Kotex® дайыма сиз менен, демек, түшүнбөгөн нерсеӊиздин бардыгын бизден сураӊыз.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар