Этек кир жөнүндө

Этек кирдин оорутуп келүүсү

3 мүнөт
Этек кирдин оорутуп келүүсү

Киришүү

Этек кир – аялзатынын организминде ар ай сайын болуп турган табигый процесс. Бирок айрым аялдарда бул мөөнөт дисменорея же оорутуу сыяктуу катуу оорулар менен коштолушу мүмкүн.

Макала

Этек кир – аялзатынын организминде ар ай сайын болуп турган табигый процесс. Бирок айрым аялдарда бул мөөнөт дисменорея же оорутуу сыяктуу катуу оорулар менен коштолушу мүмкүн.

Мунун себептери ар түрдүү болуп, төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • Жатындын карышуусу: этек кир келген учурда жатын эндометриянын кабыгынан арылуу үчүн кыскарат. Этек кири оорутуп келген аялдарда бул кыскаруулар өтө катуу оорутуу менен кошолот.
  • Простагландиндердин деңгээлинин жогору болушу: Простагландиндер – булар жатындын кыскаруусуна алып келүүчү заттар. Айрым аялдарда простагландиндердин деңгээли жогору боушу мүмкүн, анын кесепетинен этек кир оорутуп келет.
  • Гормоналдык өзгөрүүлөр: Прогестерон жана эстроген сыяктуу гормондордун тең салмаксыздыгы этек кирдин оорутуп келишине байланыштуу болуусу мүмкүн. Гормоналдык бул өзгөрүүлөр жатындын кыскарышына таасир этип, оорутат.

Этек кирдин оорутуп келиши өзгөрүп, алар төмөнкүдөй түрдө болушу мүмкүн:

  • Курсактын алдында интенсивдүү оору катуу, түйүлгөн жана сайгылаган сыяктуу сезилет.
  • Бел жана белдин ылдый жагы ооруу.
  • Баш ооруп, мигрень болуу.
  • Окшуу, кусуу же ич өтүү.
  • Чарчоо, алсыздануу.
  • Тез жинденүү, кыжыры келүү же маанайынын тез-тез өзгөрүүсү.
  • Көкүрөктүн чоңоюшу.

Этек кирдин оорутуп келген белгилерин төмөндөгү сунуштоолорду жасоо менен жеңилдетүүгө жана жашоо сапатын жогорулатууга болот:

  • Физикалык жактан активдүү болуу: жеңил көнүгүү жасоо, дене бойду чоюу же йога менен алектенүү сыяктуу дайыма дене бойлук активдүүлүктү кармоо бул оруларды азайтып, маанайыңызды көтөрөт.
  • Тынчыта турган техникалар: медитация жасап көрүңүз, терең дем алып, туура чыгарыңыз, же дененин чыңалуусун басаңдатып, оорудан арылуу үчүн релаксациялык көнүгүүлөрдү жасаңыз.
  • Туура тамактануу: рационуңуздан тузду, кофеинди жана майлуу азыктарды азайтыңыз. Булар ооруну күчөтүшөт. Анын ордуна витаминдерге жана минералдарга бай азыктарды колдонуңуз.
  • Врачтан консультация алыңыз: эгерде этек кир оорутуп келип, сиздин жашооңузга олуттуу таасир тийгизип, үйдөгү каражаттарды колдонуудан жеңилдик байкалбаса, анда врачка кайрылыңыз. Ал гормоналдык балансчы жөнгө салуучу жана ооруну басаңдатуучу препаратарды кошо, дарылоонун түрдүү ыкмаларын сунуштоосу мүмкүн.

Этек кирдин оорутуп келиши дискомфорт абалга алып келет, бирок ден соолугуңузга туура кам көрүп, башкара билсеңиз, бул мөөнөттү жагымдуу да кылууга болот. Эгер ооруткан белгилер өтө катуу болуп, күнүмдүк жашооңузга таасир этип жатса, медициналык жардамга тартынбастан кайрылыңыз.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар