Ден соолук

Менопауза деген эмне?

4 мүнөт
Менопауза деген эмне?

Киришүү

Эртеби, кечпи ар бир аял турмушундагы эӊ маанилүү учурдун – менопаузанын келиши жөнүндө ойлоно баштайт. Бул ойлор көп учурларда тынчсызданууну жана түшүнүксүздү жаратат, себеби белгилүү бир дене бойлук жана психикалык өзгөрүүлөүр менен байланышкан, ал адамдын жашоо образына таасирин тийгизет. Менопаузанын белгилери кандай таасир этээри жөнүндө, жана ал өзгөрүүнүн мааниси эмнеде экендиги тууралуу сүйлөшүп көрөлү.

Макала

Эртеби, кечпи ар бир аял турмушундагы эӊ маанилүү учурдун – менопаузанын келиши жөнүндө ойлоно баштайт. Бул ойлор көп учурларда тынчсызданууну жана түшүнүксүздү жаратат, себеби белгилүү бир дене бойлук жана психикалык өзгөрүүлөүр менен байланышкан, ал адамдын жашоо образына таасирин тийгизет. Менопаузанын белгилери кандай таасир этээри жөнүндө, жана ал өзгөрүүнүн мааниси эмнеде экендиги тууралуу сүйлөшүп көрөлү. Ал ушунча эле коркунучтуу эмес.

Бул учур качан болот?

Менопауза 45-55 жаш куракта болот. Бул табигый нерсе экенин баса белгилөө керек. Тиешелүү жаш куракка келгенде, аялдардын бардыгынын башынан өтөт. Менопаузадан кийинки мөөнөттүн негизги өзгөчөлүгү – бул гормоналдык өзгөрүү. Жумурткалар жыныс гормондорун – эстрогендерди өндүрүп чыгаруудан акырындык менен калат да, аялдар фертилдүүлүгүн жоготот. Айрымдар менструация жана кош бойлуу болуп калуу кабатырлануусу менен коштошконуна бактылуу болсо, башкалары фертилдүүлүгү жана сезилген жаштыгынын жоголгонуна капаланышат. Ошентсе да аялдар менопауза учурунда ажайып болуп. сексуалдуулу калбайт деп айтышат айрымдар!

Менопаузанын биринчи белгилери

Өзүнүн организминде эмне болуп жаткандыгын бардык аял түшүнүүсү керек – бул кырдаалды андан бетер татаалдаштыруучу ашыкча стресстерден жана толкундануудан алыс болууга жардам берет. Ошондуктан менопаузанын биринчи белгилери жана симптомдору тууралуу билип алуу зарыл.

Менопауза алдындагы мөөнөт гормондордун деӊгээлинин өзгөрүшү төмөнкүлөрдүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн:

  • Айыздын туруктуу болбошу, мурдагыга караганда жеӊил же оорураак болушу.
  • Маанайдын өзгөрүп турушу.
  • Вагиналдык кургакчылык.

Бул симптомдорду менопауза учурунда башталышы мүмкүн болгон оорулардын белгилери менен чаташтырып албоо керек!

Айрым аялдарда менопауза эрте келиши мүмкүн, анын себеби:

  • Тукум куучулук.
  • Радиациянын же ракты дарылоо үчүн химия терапевтик ыкмалардын таасири.
  • Жумуртканы хирургиялык жол менен алып салганда.

Менопауза алдындагы жана менопауза учурундагы абалды кантип жеӊилдетүү керек?

  • Колуӊарда дайыма прокладка же тампон болсун.
  • Өз циклдериӊизди жазып жүрүӊүз.
  • Кан толгонун сезсеӊиз, муздак суу ичиӊиз.
  • Майда нерселерге кабатырланбаӊыз.
  • Туура тамактануу эстрогендин деӊгээли төмөндөгөндө өсө турган жүрөк оорулардын тобокелдигин төмөндөтө алат.
  • Туура, белокко бай диета, ошондой эле жашылчалар жана жемиштер ар бир тамак ичкен сайын маанилүү болуп саналат.
  • Туруктуу көнүгүүлөр салмакты төмөндөтүп, уйкуну тынчытат, сөөктөрдү чыӊдайт жана маанайды көтөрөт. Физикалык жүккө бир күндө жок дегенде 30 мүнөт көӊүл буруӊуз.
  • Медитация, йога же жаӊы хобби сизди тынчытып, бул жагымсыз белгилерди стресске кабылбай баштан өткөрүүгө жардам берет.
  • Муздак бөлмөдө уктоо.
  • Каныӊыз ысыганда куртканы чечип, дароо муздаш үчүн кат-кат кийиниӊиз.
  • Коштоочу кабатырлануу пайда болгондо врачка кеӊеш алууга кайрылыӊыз.

Менопауза аяктагандан киийн симптомдордун жыштыгы азайышы керек, алар негизинен бир нече жылда барып жоголот. Менопаузадан киийнки синдромдун көрүнүштөрүнүн сабаттуу тандалган терапиясы бул мезгилде пайда болуучу көптөгөн кабылдоолордон алыс болууга жардам берет.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар