Этек кир жөнүндө

Жеке гигиена

2 мүнөт
Жеке гигиена

Киришүү

Аялдардын ден соолугу – ар бир кыздын жашоосундагы маанилүү тема, ал бизди инфекциялардан жана каалабаган оорулардан коргоодо болорубузга мүмкүндүк берет.

Макала

Кыздар, жеке гигиена тууралуу сүйлөшүү убактысы келди!Аялдардын ден соолугу – ар бир кыздын жашоосундагы маанилүү тема, ал бизди инфекциялардан жана каалабаган оорулардан коргоодо болорубузга мүмкүндүк берет.

Вульва. Алгач бул эмне экенин түшүнүп алалы. Жыныс кыны – бул маткага жол, ал эми тышынын айланасы жана анын тегереги вульва деп аталат. Таза жыныс кынынын схемасына көӊүл буруӊуз.

Вульва – бул тери, ошондуктан ал сезгенип же дененин башка бир бөлүгүндө бүдүрөкөй болуп исиркектеп калышы мүмкүн экендигин унутпаӊыз. Эгер абал начарлап баратса, дарыгерге кайрылыӊыз. Болбосо, төмөнкүнү жасап көрүӊүз:


Кир жуучу каражаттардын издерин тазалап салуу үчүн ич кийимди жакшылап чайкаӊыз. Ич кийим үчүн сапаттуу чайкагыч пайдаланыӊыз. Душка түшүп жатканда тытып албаганга аракект кылыӊыз! Кычышканын токтотуу үчүн антисептикалык тальк пайдаланыӊыз. Денени кыскан кийим кийбеӊиз, ал ошол жактагы исиркектерди көбөйтүп жибериши мүмкүн. Исиркектенүү өтүп кетмейин, кырбаӊыз жана мом пайдаланбаӊыз.

Жыныс кыныӊыз таза жана инфекциясыз болушу үчүн сиз төмөнкүлөрдү аткарыӊыз:


Тампон салардын алдында да, салгандан кийин да колуӊузду жууӊуз. Күн сайын жеке гигиенаны сактаӊыз – душка түшүп, бир күндө бир же эки жолу жуунуп туруу керек. Упа же атыр сыяктуу вагиналдык косметикадан алыс боло туруӊуз. Ич кийимди жууганда жытсыз самын пайдаланыӊыз. Сүлгүӊүздү башка адамга бербеӊиз. Дене бойлук көнүгүүлөрдү дайыма жасап туруӊуз жана жакшы тамактанууга аракет кылыӊыз. Мүмкүн болсо, 100% пахтадан ич кийим кийиӊиз. Узак убакытка кууш жынсы кийбеӊиз, өзгөчө кычыштырып, суюктук келип калган учурда болбойт. Прокладкаларды жана тампондорду тез-тез алмаштырып туруӊуз.

Төмөнкү симптомдордун бири же бир нечеси болсо, врачка кайрылыӊыз:


Жыныс кынынын оозунда кычышуу, исиркектөө же оору. Ажаатканага барганда ысытып кычышуу. Башкача болгон тез-тез суюктук чыгып туруу. Жыныс органдарынын тегереги шишип калуу. Кандын катуу агышы. Жагымсыз жыт.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар