Этек кир жөнүндө

МАС: Менструация алдындагы синдром – түшүнүү жана башкаруу

3 мүнөт
МАС: Менструация алдындагы синдром – түшүнүү жана башкаруу

Киришүү

Менструация алдындагы синдром (МАС) - физикалык жана эмоционалдык симптомдордун топтому, ал менструациясы башталар алдында пайда болушу мүмкүн. Ал түрдүү физикалык жана психологиялык өзгөрүүлөр түрүндө көрүнүп, күнүмдүк турмушту жана аялдын жалпы эле абалын оорлотушу мүмкүн.

Макала

Менструация алдындагы синдром (МАС) - физикалык жана эмоционалдык симптомдордун топтому, ал менструациясы башталар алдында пайда болушу мүмкүн. Ал түрдүү физикалык жана психологиялык өзгөрүүлөр түрүндө көрүнүп, күнүмдүк турмушту жана аялдын жалпы эле абалын оорлотушу мүмкүн.

МАСтын симптомдору ар түрдүү болуп, аялдан аялга өзгөрүп турушу мүмкүн. Алар физикалык түрдө да көрүнөт:

  • Курсктын алды же көкүрөктүн оорушу;
  • Баш оору же мигрень;
  • Колдордун, буттардын же көкүрөктүн шишип кетиши;
  • Чарчоо жана ашыкча уйку келүү;
  • Тамакка табиттин өзгөрүшү жана айрым азыктарды жегиси келүү;
  • Уйкунун бузулушу;
  • Тамак сиӊирүүнүн бузулушу.

Физикалык симптомдордон сырткары, МАС психологиялык да көрүнүштөр менен коштолушу мүмкүн:

  • Маанайдын өзгөрүшү, нерви чыӊалуу, тез жинденүү, чыӊалып туруу;
  • Ашыкча сезимталды, эмоционалдык туруксуздук жана ыйлаактык;
  • Тынчсыздануу, бир орунда тура албоо;
  • Концентрациянын жана эс тутумдун начарлашы;
  • Кадыресе иштерге жана ишмердикке кызыгуусунун жоголушу.

МАС негизинен менструация башталганга чейин бир нече күн же апта мурун башталат да, менструация келе баштаганда жоголуп кетет.Бул абал аялдын жашоо сапатына жана анын айланасындагылар менен өз ара мамилесине таасир этиши мүмкүн. Бирок МАС менструалдык циклдин ченемдеги эле бөлүгү экендигин жана көпчүлүк аялдарга тааасир этерин түшүнүү керек.

МАСты башкаруу натыйжалуу болушу мүмкүн, мунун симптомдорун жеӊилдетүү жана өз абалын жогорулатуу үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон түрдүү ыкмалар бар:

  • Сергек жашоо образы: Сергек жашоо образын карманыӊыз, күнүгө дене бойлук активдүү болуп, баланстуу тамактаныӊыз жана жетиштүү эс алыӊыз. Бул МАСтын симптомдорун төмөндөтүүгө жардам берет.
  • Тамактануу: Өз тамактанууӊузга көӊүл буруӊуз, жана аш болумдуу азыктарга бай тамактарды колдонуӊуз. Ашыкча туздан, кофеинден жана майлуу тамактардан баш тартуу дагы шишип чыгуу жана чыркоолоо сыяктуу МАСтын айрым сиптомдорун төмөндөтүүгө жардам берет.
  • Стрессти башкаруу: йога, медитация, тереӊ дем алуу же таза абада дайыма сейилдеп туруу сыяктуу релаксация ыкмасын жасаӊыз да, стрессти башкарууга көнүгүӊүз. Бул чыӊалууну төмөндөтүүгө жана маанайды жакшыртууга жардам берет.
  • Врачка кайрылыӊыз: Эгер МАСтын симптомдору сиздин жашооӊузга олуттуу таасир этип, ыӊгайсыздык жаратса, анда аны врач менен талкуулаӊыз. Ал Сизге САМды башкара алууӊузга жардам көрсөтүү үчүн дарылануунун түрдүү ыкмаларын, анын ичинде жашоо образын өзгөртүүнү , препараттарды же терапияны колдонууну сунуштай алат.

Ар бир аял уникалдуу экендигин, жана МАСтын симптомдору ар бирин ар башка болорун эстен чыгарбоо керек. Өз денеӊизди сезиӊиз, эгер МАСтын симптомдору жашооӊузга жана абалыӊызга олуттуу таасир этсе, жардамга кайрылыӊыз. МАСты түшүнүү жана аны башкара билүү менструалдык цикл учурунда жашоо балансын жана сапатын сактоого мүмкүндүк берет.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар