Биринчи айыз

Биринчи айыз

3 мүнөт
Биринчи айыз

Киришүү

Кыздан аялга өтүү жолундагы укмуштуудай өткөөл саякат учурунда сиз эӊ маанилүү жасаган кадамыӊыздын бири болуп – биринчи жолку айыз саналат. Бул боюнча бир топ чаташ маселелер айтылат, бирок бул этапты ар бир аял башынан өткөрө турган мезгил.

Макала

Кыздан аялга өтүү жолундагы укмуштуудай өткөөл саякат учурунда сиз эӊ маанилүү жасаган кадамыӊыздын бири болуп – биринчи жолку айыз саналат. Бул боюнча бир топ чаташ маселелер айтылат, бирок бул этапты ар бир аял башынан өткөрө турган мезгил.

Сиз мындан жакшы нерсени гана табууга аракеттениӊиз. Сиз аял болуп жатасыз, сиз ага сыймыктанышыӊыз керек!

Менструациялык цикл – бул кындан кичине кан чыгуусу. Кан чыгуу бир нече күнгө созулат да, циклдер менен жүрөт – болжол менен ар 23 күндө болот. Цикл бир менструациянын биринчи күнүнө башталып, кийинки менструациянын биринчи күнүнө чейин созулат. Айрым циклдер кыска, айрымдары узагыраак болушу мүмкүн. Бул кадыресе көрүнүш, ошондуктан туруктуу эмес же «ченемдеги эмес» циклден корпоӊуз.

Кыздар үчүн айыздын эмне кереги бар?

Ушул суроону көп беришет! Жообу жөпжөнөкөй. Сиздин денеӊиз баланы төрөө үчүн түзүлгөн. Менструация сиздин денеӊизде жумуртка клеткалары жетилип, биринчи кош бойлуулук болушу үчүн даяр экендигин туюндурат.

Айыз качан башталат?

Айыз ар бир кызда өзүнчө жеке башталат, ал 9 жашында, же 18 жашында деле башталышы мүмкүн. Бирок көпчүлүк кыздарда биринчи менструация 12 же 13 жашында башталат. Ал үчүн туура убакыт жок экенин эсиӊизден чыгарбаӊыз: сиздин денеӊиз даяр болгондо гана менструацияӊыз башталат. Айыз башталардын мурун сиз жыныстык жетилүү мезгилинен өтүшүӊүз керек, а бул болсо болжол менен эки жылга созулат.

Бул учурда сиз төмөнкүлөрдү байкайсыз:

  • Эмчектин үрпү өзгөрүп, көкүрөк чоӊоё баштайт.
  • жыныс мүчөнүн тегерегинде жана колтукта кыл өсө баштайт.
  • Сиздин боюӊуз узарып, көкүрөгүӊүз кеӊейет.
  • Чачыӊыз да, териӊиз да майланыша баштайт
  • Биринчи безеткилер пайда болот.
  • Маанай өзгөрүлө баштайт.
  • Сиз апаӊызга эмес, жакшы көргөн курбуӊузга гана ишенип каласыз.

Менструация башталардын так алдында, буларды байкайсыз:

  • Трусыда ак тактын же күрөӊ түстөгү былжырдын пайда болгонун.
  • Курсактын жумшарганын.
  • Жамбаштын түйүлгөнүн.
  • Үрптөр ооруганын.
  • Тамакка тартканын, өзгөчө шоколад жегиси келип калганын.

Эгер сиз ушулардын бири сизде болуп жатканын байкасаӊыз, анда сиз өзүӊүз ишенген адамыӊыз менен, мисалы апаӊыз же эжеӊиз, мугалимиӊиз же курбуӊуз менен бул тууралуу сүйлөшсөӊүз болот. Деги эле кыздар мындай учурда бири-бирин колдоп жүрүшү керек!

Гигиенанын кайсы каражаттары керек?

  • Прокладка же тампон сыяктуу жеке гигиена товарлары. Башталышында биз Kotex® Young прокладкаларын колдонууну сунуштайбыз. Мектепке көтөрүүчү сумкаӊызда бул прокладкадан бир нечесин салып алыӊыз.
  • Булганган прокладкаларды салып коюу үчүн чакан пакет керек.
  • Жылуу суу куюлган бөтөлкө же менструациялык ооруларды басаӊдатуучу каражат.

Биринчи айыз сиз үчүн драма болбостон, майрам болушу керек! Кабатырланбаӊыз, өзүӊүздү иретке келтирип, муну башынан өткөргөн биринчи же акыркы кыз эмес экениӊизди эстен чыгарбаӊыз!

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар