Этек кир жөнүндө

Катуу келген айыз

4 мүнөт
Катуу келген айыз

Киришүү

Айыз – бул анда аялдын организми эндометриянын кабыгынан жатын аркылуу арылып жаткан табигый физиологиялык процесс. Бирок айрым аялдарда айыз өзгөчө катуу келиши, кандын катуу агуусу менен коштолуп ыӊгайсыздык жаратышы мүмкүн.

Макала

Айыз – бул анда аялдын организми эндометриянын кабыгынан жатын аркылуу арылып жаткан табигый физиологиялык процесс. Бирок айрым аялдарда айыз өзгөчө катуу келиши, кандын катуу агуусу менен коштолуп ыӊгайсыздык жаратышы мүмкүн.

Катуу келген айыздын себеби

Катуу келген айыздар бир нече факторлордун таасирине жараша болот:

  • Гормондордун дисбалансы: Эстроген жана прогестерон сыяктуу гормондордун теӊ салмаксыздыгы эндометриянын катмарынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн, анын негизинде айыз катуу келет.
  • Жатындын полиптери: Жатындын полиптери – бул чакан шишиктер, ал жатындын ичинде пайда болуп, айыз учурунда кандын катуу агышына алып клет.
  • Жатындын фиброиддери: Фиброиддер – бул жатындын боорунда өөрчүшү мүмкүн болгон жана айыздын катуу келишин шарттаган булчуӊ ткандарынан турган шишиктер.
  • Сезгенүү же инфекция: Репродуктивдүү системанын органында сезгенүү же инфекция кан тамырлардын кеӊейишине алып келип, анын негизинде кан кетет да, айыздын катуу келишине себепкер болот.
  • Кандын коюуланышына көйгөйлөр: Айрым аялдарда кандын коагуляциясы боюнча көйгөйү болот, ал айыздын катуу келишине жана узакка созулушуна алып келет.

Катуу келген айыздын белгилери

Катуу келген айыз төмөнкү симптомдор менен коштолушу мүмкүн:

  • Кан агуунун интенсивдүүлүгүнүн жогору болушу: Менструация 7 ден ашык күнгө созулат жана кандын ашыкча агышы менен коштолот, ал болсо гигиеналык каражатты тез-тез алмаштырууну талап кылат.
  • Кандын чоӊ-чоӊ уюшу: айыз катуу келгенде кандын чоӊ-чоӊ уюшу пайда болуп, ыӊгайсыздыктын узакка созулган булагы болуп калышы мүмкүн.
  • Гигиеналык каражаттарды тез-тез алмаштыруу: Аял кан интенсивдүү аккандыгына байланыштуу аял прокладкаларды же тампонду тез-тез алмаштырууга аргасыз.
  • Оору белгилери жана ыӊгайсыздык: Катуу аккан айыз курсактын төмөн жагын, белди катуу оорутуп, ыӊгайсыздыкка, көӊүл чөгүүгө алып келет.

Катуу келген айызды жеӊилдетүү үчүн мүмкүн болгон чечимдер:

  • Врач менен консультация өткөрүү: Сизде айыз катуу келип жатса, себебин билүү үчүн диагностика өтүү сунушталат. Врач дарылоонун түрдүү ыкмаларын, анын ичинде канагууну басаӊдатуучу же негизги себепти жоюучу антикоагулянттар гормоналдык препараттарды ичүүнү, же хирургиялык кийлигишүүнү сунушташы мүмкүн.
  • Гигиеналык каражаттарды туура пайдалануу: кан агуунун интенсивдүүлүгүнө жараша прокладка же тампон сыяктуу гигиеналык каражаттарды тандаӊыз. Сыртына агып кетпеши үчүн гигиеналык каражаттарды алмаштырууну кечиктирбеӊиз.
  • Сиӊимдүү тамактануу: Өзүӊүздүн тамагыӊызга көӊүл буруӊуз. Ден соолугуӊузду сак кармап, кандын агуусу менен кошо жуулуп кеткен витаминдердин ордун толтуруу үчүн курамы витаминдерге, минералдарга, темирге бай азыктарды колдонуӊуз.
  • Стрессти башкаруу: Стресс катуу кеткен канды ого бетер күчөтүшү мүмкүн. Стресстин деӊгээлин төмөндөтүү жана өзүӊүздүн жалпы эле сезимиӊизди жакшыртуу үчүн медитация, йога же тереӊ дем алуу сыяктуу релаксация ыкмасын жасап көрүӊүз.

Ар бир аял уникалдуу, жана катуу келген айыздын түрдүү себептери жана симптомдуру оор болорун эстен чыгарбоо керек. Кесипкөй консультация алуу жана өзүӊүздүн жекече учуруӊузга тиешелүү чечим табуу үчүн врачка кайрылыӊыз.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар