Ден соолук

Табарсыктын боштугу

4 мүнөт
Табарсыктын боштугу

Киришүү

Аялдарда табарсыктын боштугу – азыркы урологияда жана гинекологияда кенен жайылган жана деликаттуу көйгөйлөрдүн бири. Бул жөн турганда деле, же физикалык иш жасап жатканда, ошондой эле чүчкүргөндө жана каткырганда зааранын өзүнөн-өзү киичнеден чыгып кеткен абалы.

Макала

Аялдарда табарсыктын боштугу – азыркы урологияда жана гинекологияда кенен жайылган жана деликаттуу көйгөйлөрдүн бири. Бул жөн турганда деле, же физикалык иш жасап жатканда, ошондой эле чүчкүргөндө жана каткырганда зааранын өзүнөн-өзү киичнеден чыгып кеткен абалы.

Мында гигиеналык бир нече көйгөй жаралат, трусы улам-улам нымдаша берет, анын негизинде жагымсыз жыт пайда болот – мындай учурда аялдар үчүн социализация жагымсыз чыӊалууну жаратып, психологиялык дискомфортко алып келет. Бул активдүү ишке жарап турган 30-50 жаштагы аялдарда көп кездешет. Бирок алардын бир азы гана врачка бул көйгөй менен кайрылат.

Көптөгөн аялдар кайсы адиске кайрылуу керектигин билишпейт, көпчүлүк учурларда бул көйгөйүнөн уялышып же кадыресе көрүнүш деп жүрө беришет.

Тобокелдик тобунда төмөнкү аялдар болот:

  • ашыкча салмактагы;
  • менопаузадан киийнки учурундагы;
  • травмалык оор төрөттү башынан өткөргөндөр;
  • көп балалуу энелер;
  • гинекологиялык оор дартты башынан өткөргөндөр;
  • инфекциялык оорусу барлар;
  • кант диабети менен ооругандар.

Табарсыктын боштугун 3 топко бөлүшөт:

  • Стресстен табарсыктын бош болушу - чыӊалууда, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө зааранын аргасыз чыгып кетиши;
  • Ургенттик табарсыктын бош болушу – табарсык дароо толоор менен дароо зааранын бир аз аргасыз чыгып кетиши;
  • Аралаш табарсыктын боштугу – табарсык дароо толушу, дароо күчөшү, чыӊалуусу менен, чүчкүрүүдө же жөтөлүүдө зааранын аргасыз чыгып кетиши.

Жалпылап алганда, табарсыктын боштугу ар түрдүү себептер менен булчуӊдарды контролдоо жоголуп кеткенден улам пайда болот, анын натыйжасында кайсы болбосун убакытта заары бир аздан чыгып кете берет. Натыйжасында аял депрессияга түшүп, социалдык активдүүлүктөн, өнөктөшү менен интимдик жакындашуудан баш тартышы мүмкүн. Чаттарында инфекция пайда болуу тобокелдиги күчөйт.

Дарылоо варианттары, албетте,ар бирине жекече жүргүзүлөт, бирок жаш кезинен баштап эле жамбаш булчуӊдары тонуста болушу үчүн Кегель көнүгүүсүн жасап баштоо керек. Бул көнүгүү кош бойлууулар гана үчүн деп ойлошот көпчүлүгү, бирок жамбаштын булчуӊдарынын тонусу бардык курактагы аялдарга бардык шарттарда бирдей маанилүү, себеби бул аялдардын ден соолугуна зор таасири бар.

Бул көнүгүү жөнүндө баштан аяк так маалыматты бул жактан (Жамбаш булчуӊдарын чыӊдоо үчүн көнүгүүлөр) алып, окуп алууӊуздарды сунуштайбыз.

Мындай диагноз менен толук кандуу жашай берүү керектигин түшүнүү маанилүү.

Мындай учурлар үчүн зааранын бир аз чыгып кетишинен жана күн сайын агып туруучу суюктуктан Kotex өзгөчө продукт иштеп чыккан – ал күн сайын колдонулуучу Kotex 2өө1де.

FlexLoc™ борбору зааранын жытын нейтралдаштыруучу сапатка ээ болгон жана көпкө чейин кургак кармап турган атайын сиӊдирүүчү компонентти камтып турат. Прокладкалар жука, ийкемдүү келип, дененин анатомиясына тез адаптацияланат да, бир күн бою жайлуулукту камсыз кылып турат. Ар бир прокладка өзүнчө конвертке оролуп салынган, ошондуктан бир күн ичинде бир нече жолу алмаштыруу керек болсо, бир нече даанасын жаныӊа салып жүргөнгө жеӊил. Аялдын заара чыгаруу системасынын анатомиясы негативдүү патологиялык көрүнүштөргө жагымдуу шарттарды түзө берет, ошондуктан кайсы куракта болбосун өзүнө дыкат мамиле жасап, физикалык чыӊалуудан алыс болуп, сергек жашоо образын жүргүзүп, спорт менен машыгуу керек. Бирок жаш куракта же менопауза учурунда табарсык бошогондугунун белгиси пайда болсо, диагнозду туура коюу жана андан ары туура дарылоо үчүн

гинекологго же урологго кайрылуу зарыл. Эӊ негизгиси – көйгөйгө баш ийип калбай, кырдаалды татаалдатпастан чечүүгө аракеттенүү керек.

Гигиенаны унутпаӊыз, Kotex 2өө1де прокладкасын колдонуӊуз, ден соолугуӊузга караӊыз, эч качан өз өмүрүӊүздү паузага койбоӊуз, ар бир мүнөттөн ырахат алыӊыз!

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар