Ден соолук

Жатындын моюнчасынын рагы

3 мүнөт
Жатындын моюнчасынын рагы

Киришүү

Жатындын моюнчасы – аялдын жыныс системасынын элементи, ал залалдуу процесстерге сезимтал келет. Цервикалдык рак (жатындын моюнчасынын онкологиясы) – эрте баскычында гана дарылана турган залалдуу мүнөздөгү шишик. Ал эч кандай белги бербестен оорушу өтө коркунучтуу.

Макала

Жатындын моюнчасы – аялдын жыныс системасынын элементи, ал залалдуу процесстерге сезимтал келет. Цервикалдык рак (жатындын моюнчасынын онкологиясы) – эрте баскычында гана дарылана турган залалдуу мүнөздөгү шишик. Ал эч кандай белги бербестен оорушу өтө коркунучтуу.

Бул абалдын алдын алуунун жалгыз ыкмасы – өз учурунда текшерүүдөн өтүп туруу. Ушуга байланыштуу ар бир аял врач-гинекологго барып, дайыма текшерилип турушу керек. Ушундай текшерилүүнүн бири - Мазок Папаниколау – секстин же бойго бүтүрбөө каражаттарын колдонуунун натыйжасында жатындын моюнчасында жаракат, инфекция жок экендигине ынанууга мыкты ыкма. Бул болгон бир нече эле мүнөттү алат, бирок өмүрүӊүздү сактап калууга жардам берет!

Мазок Папаниколау жатындын моюнчасынын рагына скрининг жасоо үчүн пайдаланылат. Ал негизинен жамбаш органдарын изилдөө менен бирге жасалат. 30 жаштан өйдө курактагы аялдар үчүн Пап-Тест адамдын папилломасы вирусуна (ВПВ) – жыныстык катнаш аркылуу жугуучу, жатындын моюнчасынын рагын пайда кылуучу кенен жайылган инфекцияга тест менен бирге алышат.

Врачтар негизинен 21 жаштан 30 жашка чейинки курактагы аялдарга Папаниколау боюнча тесттен өтүүнү бир жылда 1 жолудан кайталоону сунушташат. 45 жаштан жогору курактагы аялдарга ар бир жарым жылда тест тапшырып турууну сунушташат.

Тобокелдиктер

Мазок Папаниколау – бул жатындын моюнчасын ракка скрининг жүргүзүүнүн коопсуз ыкмасы. Бирок ал бардык учурда эле ишенимдүү боло бербейт. Жалган терс натыйжа да алууга болот – демек сизде аномалдык клеткалар бар болсо да, тест эч кандай четтөөлөрдү көрсөтпөйт.

Жалган терс натыйжа ката кетти дегенди туюнтпайт. Жалган терс натыйжага алып келе турган факторлор төмөнкүлөрдү камтышат:

  • Клеткаларды жетишсиз алууну,
  • аномалдык клеткалардын аз санда болушу.
  • Кан же аномалдык клеткаларды жашыруучу сезгенген клткалар.

Аномалдык клеталар байкалбай калышы мүмкүн болсо да, убакыт сиз тарапта болот. Жатындын моючнасынын рагы бир нече жылдап барып өөрчүйт. Эгерде тесттин бирөө аномалдык клеткаларды байкабаса, кийинки тест аны табышы мүмкүн. Жатындын моюнчасынын рагы аялдар арасында эӊ кенен жайылган онкологиялык оорулардын ондугунун катарына кирет. Бул алдын алууга болгон жана айыгуучу оору экендиги да жакшы жаӊылык болуп саналат. Дартты эрте аныктап алуу маанилүү, ошо үчүн өзүӊүзгө кам көрүӊүз, текшерүүдөн тез-тез өтүп туруӊуз.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар