Психология

Өзүнө ишенүү

4 мүнөт
Өзүнө ишенүү

Киришүү

Өзүнө ишенүү турмушта өөрчүтө турган эӊ маанилүү сапаттардын бири. Ал биздин эмоционалдык бакубатчылыгыбызда, жеке жана кесиптик чөйрөбүздө ийгиликке жетүүдө, ошондой эле башка адамдар менен мамиле түзүүдө чечүүчү мааниге ээ.

Макала

Өзүнө ишенүү турмушта өөрчүтө турган эӊ маанилүү сапаттардын бири. Ал биздин эмоционалдык бакубатчылыгыбызда, жеке жана кесиптик чөйрөбүздө ийгиликке жетүүдө, ошондой эле башка адамдар менен мамиле түзүүдө чечүүчү мааниге ээ. Тоскоолдуктарды жеӊип өтүү, өз максаттарына жетүү жана толук кандуу бактылуу турмушта жашоо үчүн кыздар үчүн өзүнө ишенимди өнүктүрүү жана колдоп кармап жүрүү өзгөчө маанилүү. Өзүнө ишенүү деген эмне?

Өзүнө ишенүү – өз мүмкүнчүлүгүнө, баалуулугуна жана күчүнө ишеним артуу. Бул өзүнө ишенгенин жана өзүнө өзү канааттанганын сезүү, мындай сезим чечим кабыл алууга, эл алдында тартынбай чыгып сүйлөөгө, өзүнө жоопкерчилик алууга жана кыйынчылыктарды оптимизм менен жеӊип чыгууга мүмкүндүк берет. Өзүнө ишенүү өзүнүн беделин көтөрүүгө жана өзүн-өзү сыйлоого түрткү кылат, а булардын бардыгы эмоционалдык жана психологиялык жактан туруктуулукка көнүктүрөт.

Өзүнө ишенүүнүн кыздар үчүн мааниси

Өзүнө ишенүү кыздар үчүн өзгөчө мааниге ээ, себеби ал стереотиптерди, социалдык кысымдарды жана өзүн төмөн баалоону жеӊип чыгууга жардам берет. Ошондуктан өзүнө ишенүүнү өөрчүтүү өтө маанилүү болуп саналат:

  • Максаттарга жетүү: өзүнө ишенүү кыздардын өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенүүсүнө жана өз максаттарына жетүүсүнө мүмкүндүк берет. Шектенүүсүн жоготуп, ийгиликке карай тоскоолдуктарды жеӊүүгө көнүктүрөт.
  • Лидерлик: Өзүнө ишенген кыздар көп учурларда өз чөйрөсүндө башкаларга дем берүүчүлөр жана лидерлер болушат. Алар демилгени өзүнө алып, пикирлерин айтып чыгышат, айланасындагыларга таасир бере алышат.
  • Туура мамиле: Өзүнө ишенүү башка адамдар менен туура мамиле түзүүгө көмөктөшөт. Өзүнө ишенип, өзүнүн индивидуалдуулугун баалаган кыздар гармониялуу жана өз ара бири-бирин урматтаган мамилелерди түзө билишет.
  • Инсандыгын өнүктүрүү: өзүнө ишенимдүү болуу инсандыгынын жана өзүн-өзү таануусун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Ал кыздарга өзүнүн күчтүү жактарын, кызыкчылыктарын жана баалуулуктарын таанууга жардам берет, бул болсо өзүнүн бул жашоодогу ордун жана өзүн билүүгө негиз болот.

Өзүнө болгон ишенимди арттырууга кеӊештер. Кыздар өзүнө ишенгендигин өнүктүрүүгө жана кармап жүрүүгө жардам берүүчү бир нече кеӊеш:

  • Өзүӊүздүн уникалдуу экендигиӊизди моюнга алыӊыз. Сиз уникалдуу жана баалуу экендигиӊизге ишениӊиз. Өзүӊүздүн жетишкендиктериӊизди жана сапаттарыӊызды белгилеӊиз, өзүӊүздү башка бирөө менен салыштырбаӊыз.
  • Реалдуу максаттарды коюуӊуз. Өзүӊүзгө чакан, бирок жете турган максаттарды белгилеӊиз да, ага кадам сайын алга жылыӊыз. Ар бир ийгилик сиздин өзүӊүзгө болгон ишенимиӊизди чыӊдайт.
  • Жаӊы билгичтиктерге үйрөнүӊүз: Өзүӊүздү өстүрүӊүз, жаӊы кызыкчылыктарга жана жөндөмгө ээ болуӊуз. Жаӊы билимдерге жана билгистиктерге ээ болсоӊуз, өз жөндөмүӊүзгө ишеним арттыра аласыз.
  • Өзүӊүзгө кам көрүӊүз: Өзүӊүздүн дене бойлук жана эмоционалдык бакубатчылыгыӊызга убакыт да, көӊүл да бөлүӊүз. Туура тамактануу, дене бойлук активдүүлүк, тынч уйку жана өзүн карап жүрүү өзүӊүздү жакшы сезүүгө жана өзүӊүзгө ишенимиӊизди арттырууга жардам берет.
  • Позитив ой жүгүртүүнү шыктандырыӊыз. Терс ойлордон жана жөндөмүӊүздөн шек санагандан баш тартыӊыз. Аларды позитив ойлор жана аффирмациялар менен алмаштырыӊыз, алар сиздин өзүӊүзгө ишенимиӊизди арттырат.
  • Сизди колдогон адамдар менен баарлашыӊыз. Сиздин айлана чөйрөӊүз өзүӊүзгө болгон ишенимди бекем кармоодо зор роль ойнонйт. Сизди колдогон, сизге дем берген адамдар менен баарлашыӊыз, негатив көрүнүштөрдөн алыс болуӊуз.

Өзүнө ишенүү – бул өнүгүүнүн жана өзүн-өзү өнүктүрүүнүн үзгүлтүксүз процесси. Ар бир адамдын өзүнүн күчтүү жактары да, талылуу жактары да бар экендигин унутпаӊыз. Кандай болсок, өзүбүздү так ошондой кабыл алып, сүйүшүбүз керек. Өз жөндөмүӊүзгө ишениӊиз, жекече өсүүгө умтулуӊуз, сиз ийгиликке жана бакытка татыктуу экениӊизди унутпаӊыз.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар