Этек кир жөнүндө

Этек кирдин календары: эмне себептен бул маанилүү?

3 мүнөт
Этек кирдин календары: эмне себептен бул маанилүү?

Киришүү

Ар бир аялдын этек кири келген күндүн цикли болот, андыктан анын узактыгына жана үзгүлтүксүздүгүнө көӊүл буруп туруу керек. Этек кирдин календарын жүргүзүү өзүӊүздүн циклиӊизди билүүдө жана түшүнүүдө пайдалуу инструмент боло алат.

Макала

Ар бир аялдын этек кири келген күндүн цикли болот, андыктан анын узактыгына жана үзгүлтүксүздүгүнө көӊүл буруп туруу керек. Этек кирдин календарын жүргүзүү өзүӊүздүн циклиӊизди билүүдө жана түшүнүүдө пайдалуу инструмент боло алат.

Үзгүлтүксүздү көзөмөлдөө: Этек кирдин календары ар бир циклдин башталышын жана бүтүшүн жазып алууга мүмкүндүк берет. Бул болсо сиздин цикл үзгүлтүксүз экендигин же үзгүлтүккө учурап жаткандыгын аныктоого жардам берет. Үзгүлтүксүз цикл сизде бир айда келген этек кир менен экинчи айдагы этек кирдин ортосундагы узактык ар бир учурда бирдей дегенди туюнтат. Ал эми үзгүлтүккө учураган цикл ар кандай физиологиялык же гормоналдык өзгөрүүлөрдүн белгиси болушу мүмкүн, ошондуктан анын циклин көзөмөлгө алууга, зарылдыкта врачка консультацияга кайрылууга жардам берет.

  • Пландоо: этек кирдин башталышынын жана аякташынын даталарын билүү өзүӊүздүн ар күнкү активдүүлүгүӊүздү жана окуяларды пландап коюуга жардам берет. Графигиӊизди ыӊгайлуу жана натыйжалуу кылуу үчүн өзүӊүздүн организмиӊиздеги өзгөчөлүктүн алдын ала жана ага адаптациялана аласыз. Алсак, этек кириӊиздин календарына жараша спорт менен алектенүүнү же башка иш-чараны пландай аласыз.
  • Ден соолуктун баасы: Этек кирдин календары жалпы ден соолугуӊузду жана физиологиялык абалыӊызды баалоо үчүн пайдалуу инструмент болушу мүмкүн. Сиз аккан кандын интенсивдүүлүгүн, оору сезимдеринин же этек кир менен байланышкан башка белгилердин бар же жоктугун көзөмөлдөй аласыз. Бул болсо кандай болбосун өзгөрүүлөргө же өзгөчөлүктөргө көӊүүл бурууга жана зарылдыкта врач менен аны талкуулоого жардам берет.
  • Кош бойлуулукту пландоо: Этек кирдин календары кош бойлуулукту пландоодо пайдалуу инструмент боло алат. Өзүнүн менструалдык циклин билүү овуляция качан болорун жана бойго бүтүү мүмкүндүгүн аныктоого жардам берет. Бул болсо, эгер сиз бойго бүтүрүүнү пландап жүргөн болсоӊуз, бойго бүтүрүүгө мүмкүнчүлүктү жогорулатып, же болбосо, контрацепцияны пайдаланууну туура көрсөӊүз, анда бойго бүтүүдөн сактанууга мүмкүндүк берет.
  • Өзүнүн ден соолугуна кам көрүү: Этек кирдин календарын жазып жүрүү өз организмиӊиз жана жалпы эле ден соолугуӊуз тууралуу жакшы билүүгө мүмкүндүк берет. Сиз мүмкүн болуучу өзгөчөлүктөрдү же репродуктивдүү системадагы көйгөйдүн болушунун же гормоналдык өзгөрүүнүн белгиси болгон башкача белгилерди байкай аласыз. А бул болсо, врачка өз убагында кайрылууга жана керектүү жардымды жана консультацияны алууга көмөк көрсөтөт.

Этек кирдин календарын жазып жүрүү - бул өз организмиӊизди мыкты билүүгө жана ден соолугуӊузга кам көрүүгө жөнөкөй жана пайдалуу ыкма. Ал циклдин туруктуулугуна көзөмөлдөөгө, өзүӊүздүн аракеттериӊизди пландоого жана органзимдеги бардык өзгөрүүлөрдү байкоого мүмкүндүк берет. Салттуу календарды же смартфондогу тиркемени пайдаланганыӊызга же пайдаланбаганыӊызга карабай, менструалдык циклиӊиз тууралуу билип алганыӊыз жана кандайдыр бир көйгөй же суроо жаралса, врачка кайрылуу маанилүү.

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар