Биринчи айыз

Этек кириӊиз башталганы жөнүндө жаӊылыкты ата-энеӊизге кантип айтасыз?

2 мүнөт
Этек кириӊиз башталганы  жөнүндө жаӊылыкты  ата-энеӊизге кантип айтасыз?

Киришүү

Сиздин биринчи этек кириӊиз башталып, толкунданып турсаӊыз, ата-энеӊизге кантип айтуу керек? Кабатырланбаӊыз, бул маанилүү учурдан өтүү жолунда биз жардамга келебиз.

Макала

Салам! Сиздин биринчи этек кириӊиз башталып, толкунданып турсаӊыз, ата-энеӊизге кантип айтуу керек? Кабатырланбаӊыз, бул маанилүү учурдан өтүү жолунда биз жардамга келебиз. Бул сизге ыӊгайсыз, кызыктай сезилгени менен, чындап келгенде, жөпжөнөкөй эле нерсе.

Этек кир – бул сиздин жашооӊуздагы табигый ченемдеги эле көрүнүш. Келиӊиз, ата-энеге кантип билдирүү керектиги жөнүндө сүйлөшөлү.

  • Убакытты тандоо. Бул тууралуу качан, каяктан айтуу керектигин ойлонуӊуз. Балким кечинде бардыгыӊыздар тынч отурганда айтаарсыз, же апаӊызды сейилдеп келүүгө чакырып, таза абада талкуулап, айтаарсыз.
  • Жөн эле айтыӊыз. Кабатырлануунун да, атайын даярданган сөздөрдүн да кереги жок. «Апа (же ата), этек кирим келип баштады» деп, жөн гана ток этер жерин айтып коюуга болот.
  • Суроолорго даяр болуӊуз. Ата-энеӊиз сизди кабатыр болбогонуӊузга ынаныш үчүн, көбүрөөк нерсе билгилери келиши мүмкүн. Качан башталганын, өзүӊүздү кандай сезип жатканыӊызды сурашы мүмкүн.
  • Эмоцияӊыз менен бөлүшүӊүз. Кубанып жатсаӊыз, же толкунданып турсаӊыз – эмоцияӊызды жашырбаӊыз. Ата-эне сизди дайыма түшүнүп, дайыма колдоп турчу адамдар.
  • Кеӊеш сурагандан уялбаӊыз. Эгер сиз бул күндөрү өзүӊүздү кандай алып жүрүүнү билбесеӊиз, апаӊыздан сураӊыз. Апаӊыз сизге жеке гигиенанын туура келүүчү каражаттарын тандап алууну үйрөтүп, пайдалуу кеӊештерди берет.

Этек кирдин башталышы - жашооӊуздагы чоӊ кадам экендигин унутпаӊыз. Бул деген сиздин дагы бир баскычка чоӊойгонуӊузду билдирет, демек сонун да! Ата-эне сизге дайыма кеӊешин айтып, ушул жооптуу мезгилде колдоп турууга даяр болот. Демек, эч кандай коркпоӊуз, бардыгы табиятка жараша өз нугу менен болот!

Kimberly-Clark компаниясы маалыматтын толуктугуна же тактыгына эч кандай кепилдик же билдирүүлөрдү бербейт. Бул маалымат колдонмо катары гана колдонушу керек жана профессионалдык кенешти же саламаттыкты сактоо сунушун башка кеңешине алмаштырбашы керек.

Сунушталган продукциялар